№ 93 «Адэми» балдар бакчасындагы экологиялык акциялар
March 15, 2018, 06:00Кечээ, 14-мартта, № 93 "Адэми" мектепке чейинкибилим берүү уюмунда («Көлмө» турак жай конушу) борбор шаардын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы уюштурган шаардык практикалык семинардын алкагында Бишкек шаарынын МБУларынын методисттери жана тарбиячылары үчүн 2 экологиялык мастер-класс өттү. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун эко-командасы семинардын алкагында катышуучуларүчүн «Менин жашыл досум» жана «Чий куурчаэтностук саман куурчагы» практикалык мастер-класстарынөткөрдү. «Менин жашыл досум» акциясынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын МБУларынын 77 методисти жана тарбиячысы бөлмөдө өсүүчү«герань» өсүмдүгү жана анын пайдалуу касиеттери жөнүндө көп кызыктуу нерселерди билди, ошондой эле №93 балдар бакчасынын даярдоо тобунун тарбиялану учулары менен бирге геранды отургузду. Герань бекеринен тандап алынган жок – байыртадан эле ал өзүнүн антисептикалык жана антибактериялык касиеттери менен белгилүү. Акция чоң кишилерге жана балдарга абдан жакты, анткени алар эми өсүмдүктөрдүн өсүү процессине өз көзү менен байкоо жүргүзүп жана аларды өз алдынча бага алат. «Менин жашыл досум» акциясынан кийин балдар жазуучусу, Тоголок Молдо атындагы сыйлыктын лауреаты, балдар жазуучуларынын ортосундагы «ЮНИСЕФ» конкурсунун жеңүүчүсү, Бек Жылдыздеген псевдоним менен белгилүү болгон Акаева Жылдызиш-чаранынкатышуучулары үчүниш-чараны – «Чий куурчак» саман куурчагын (кыргыздын салттуу этностуккуурчагын) жасоо боюнча мастер-классты өткөрдү. Бул мастер-класстар «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоорунун алкагында өттү. "Менин жашыл досум"акциясынын презентациясы "Геранды туура отургузуу"презентациясы