«Бешик ыры» республикалык сынагы саланаттуу жыйынтыкталды
March 15, 2018, 06:002018-жылдын 14-мартында К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын чоң залында «Бешик ыры» республикалык сынагы чоң салтанат менен жыйынтыкталды. Иш-чарага КР экс-Президенти, «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.Отунбаева, өлкөнүн саясий жана маданий ишмерлери, Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин жетекчилери, кызматкерлери, наристелерди эртелеп өнүктүрүү маселеси боюнча адистер, эксперттер, жаңы конуштардын тургундары, массалык маалымаи каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Атайын түзүлгөн жюринин чечими менен биринчи орун Талас районунун Кумарык айылынын "Байчечекей" бала бакчасынын тарбиячысы Капарова Канышайга, экинчи 2 -орун – Чүй облусунун тургуну Кенжеева Айымканга жана Жети-өгүз районунун Чоң Кызыл -Суу айылнын тургуну Мусалиева Гулжанга, үчүнчү 3 орун – акын жана драмтург Озүбекова Жеңишкүлгө, акын Шакирова Гулжамилага жана Ат-Башы районунун райондук гезитинин редакциясында бухгалтери Таалайбек кызы Бегайымга - (ырдын сөзүнүн автору Ж.Курманов) ыйгарылды. Кызыктыруучу сыйлыктар менен Баткен районунун Карабак айылынын тургуну Файзуллаева Жыпаргүл, Ак-Талаа районунун, Баетов айылындагы маданият үйүнүн кызматкери Бекболотова Рыскул, Талас шаарындагы "Теремек" бала бакчасынын тарбиячысы Усөнбек кызы Кымбат (Ырдын сөзүнүн жана обонунун автору Гулзада Рыскулова), Жети-Өгүз районундагы Дархан айылынын тургуну Кудаймедиева Мейилкан (ырдын сөзүнүн автору Кененбаева Жүрсүн) , Бишкек шаарынын тургуну Иманбердиева Нургуль, Өзгөн шаарынан, математика мугалими Мамакова Минажат, Тогуз-торо районунун тургуну, мугалим Абдыбекова Эльмира (ырдын обонунун автору Аракеева Мээрим), Таластагы "Асел" бала бакчасынын тарбиячысы Молдобекова Ульмира (Ырдын сөзүнүн автору Ысмайыл Кадыров, обонунун автору Камчыбек Букалаев), Жети-Өгүздөн Абдылдаева Онолкан ( ырдын сөзүнүн автору Кененбаева Жүрсүн) сыйланышты. Жеӊүүчүлөргө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. Баалуу белектер “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, “Светофор” интернет-магазиндер тармагы, “Супара” этно-комлекси жана И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университети тарабынан берилди. Ошондой эле жеӊүүчүлөрдүн аткаруусунда ырдалган ырлардан түзүлүп, даярдалган “Бешик ыры” компакт-диски белек катары таратылды. Иш-чара учурунда сынактын жеӊүүчүлөрү бешик ырларын ырдап беришти.