КР экс-Президенти Р.И. Отунбаеванын катышуусу менен №86 орто мектепте «Өнүктүрүүнүн мобилдүү борбору» долбоорунун алкагында иш-чара болуп өттү
February 26, 2018, 06:00Бүгүн Калыс-Ордо турак-жай конушундагы№86орто мектепте «Өнүктүрүүнүн мобилдүү борбору» долбоорунун алкагында кезектеги иш-чара болуп өттү. Иш-чарага КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу Р.И.Отунбаева катышты. 120дан ашык ата-эне жана 150 бала, Биринчи Май райондук башкармалыктын директору А.О.Исмаилов жана МТУнун өкүлдөрү, кварталдык комитеттер жана ата-энелер комитеттери катышты. Мектепке чейинки наристелер, МЦРтренингдерине жана «Шер бала» энелер мектебине барып жүргөн балдар иш-чараны Фонддун уюштуруучусу Р.И.Отунбаеваны куттуктоо жана «Апам жакшы баарынан» арноо ыры менен ачты. Бүгүнкү тренингдин темасы «Жол кыймылынын коопсуздугу». Спектакль аркылуу балдарга жол кыймылын сактоо боюнча негизги эрежелерди, билимлерди жана жөндөмдөрдү берүү максатында М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры чакырылды. Алар А.Богачевдун «Шайыр светофор» спектаклин көрсөттү. Бул жол кыймылынын эрежелери жөнүндө сабак болуучу окуя. Кандай жол белгилери бар, алар эмнени билдирет, ал эмиэң башкысы, аларды кантип туура түшүнүү керек жана жолдон кантип өтүү керек, ушулардын бардыгы жөнүндө шайыр светофор айтып берди. Спектакль интерактивдүү элементтери менен болду, мында балдарга суроолор берилди, аларга балдар жооп берди. Спектаклдин оюн коюучу режиссеру – Россия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Б.Ходырев, композитор А.Михайлов, сүрөтчүА.Степанов. СпектаклдеартисттерГ.Эркимбаева, Г.Талканбаев,Э.Керимкулова, А.Байбеков, А.Дүйшөнбаева, С.Качкынбековжана башкалар оюн аткарат. №86 орто мектептин директору С.А.Колбаева Фонддун ийгиликтүү өнөктөрүнөн турган, курамында өзү да болгон делегациянын Түркияга сапарынын натыйжалары жөнүндө презентация жасады. Түркиядагыбалдар билим берүү борборлорунун, балдар өнүктүрүү борборлорунун жана балдар бакчаларынын фото материалдары презентацияланды жана көрсөтүлдү. Стамбулда ата-энелер жана чоң ата, чоң энелер менен биргелешкен балдар уюмдарын түзүү жөнүндө, ошондой эле экологиялык жана биологиялык участокторду кантип жасай тургандыгы, майда моториканы өнүктүрүү боюнча сабактарды өткөрүү жөнүндө кызыктуу аңгеме айтылды. Презентация иш-чарага катышкан ата-энелер арасында зор кызыгууну пайда кылды. Кол өнөрчүлүк боюнча Чоң энелер клубунун баштапкы иши презентацияланды. Бул жолу ата-энелердин өздөрү – энелер менен мастер-класстар өткөрүлдү. С.Алымкулова кыргыз элдик оюндары аркылуу математикалык жөндөмдөрдү өнүктүрүү боюнча мастер-классты өткөрдү (бул сабакты ушул жылдын февралынын ортосунда Ч.Айтматов атындагы Эл аралык академиянын академиги, РФнын академиги, профессор, педагогикалык илимдердин доктору.Т.Э.Уметов өткөргөн),С.Батыркулова, И.Исраилова бешик ырын аткарды, аларды аудитория кызуу колдоду. Өз сөзүндө Р.И.Отунбаева балдарды эртелеп өнүктүрүүнүн, ата-энелер менен биргелешип окутуунун маанилүүлүгүн белгиледи жана жаш энелерге ийгиликтүү баланы өстүрүү үчүн өздөрү дайыма өнүгүүгө тийиш деген насаатын айтты. Ошондой эле балдарды эртелеп өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасы жөнүндө, Фонд чыгарып жаткан китептер жөнүндө жана эртелеп өнүктүрүү маселелери боюнча ата-энелердин жөндөмдөрүн жакшыртуу аркылуукенже курактагы балдарга кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жөнүндө айтып берди. Баланы эртелеп өнүктүрүүнүн маселелерине, өнүгүү боюнча балдар борборлорунун альтернативдүү моделдерин түзүүгө коомчулуктун көңүлүн бурууга чакырды. «Өнүктүрүүнүн мобилдүү борборунун» алкагында жүргүзүп жаткан иши үчүн, ар кандай оорулардын алдын алуу маселелери, эненин ден соолугунун, репродуктивдүү ден соолуктун, туура тамактануунун жана иммуннопрофилактиканын маселелери боюнча өткөн жана ушул жылдагы кызыктуу тренингдери жана лекциялары үчүн ата-энелер Роза Исаковнага ыраазычылык билдирди жана ушул иш-чаралар жана МЦР тренингдери ата-энелердин көз карашын өзгөрттү, өзүнүн ден соолугуна жана баланын ден соолугуна карата, баланы өнүктүрүүгө жана тарбиялоого карата мамилелер бери болгондо 90%га өзгөрдү деп белгиледи. №86 орто мектептин окутуучусу, Көркөм сүрөт академиясынын бүтүрүүчүсү Н.Атабеков өзүнүн «Кыргыз пейзаждары» деген ишин Роза Отунбаевага көрсөттү. Иш-чаранын аягында Фонддун аткаруучу директору Д.Ш.Кендирбаева «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ менен үзүрлүү кызматташкандыгы үчүн М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын труппасына ыраазычылык катын тапшырды. Волонтерлор Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунан келген волонтерлор болду.