«Ырперия» поэзия кечеси чоң аншланг менен өттү
February 24, 2018, 06:002018-жылдын 23-февралында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин поэзия кечеси чоң аншлаг менен болуп өттү. Иш-чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Кеченин жүрушүндө Э.Иманалиевдин поэтикалык саптары “Айтыш” фондунун акындар мектебинде билим алып жаткан жаштардын айтуусунда көрүүчүлөргө тартууланды. Ошондой эле Э.Иманалиевдин өзүнүн окуусунда да анын бир канча ырларын келгендер зор ырахат менен угушту. Эгер буга чейин көпчүлүк аны төкмө акын, обончу, ырчы катары гана таанып келген болсо, бул поэзия кечеси анын акындык дарамети да бийик экендигин биринчи ирет элге көрсөттү. Кечеге келген көпчүлүк элдин суроосу боюнча Э.Иманалиев өзүнүн “Аруузатым”, “Булбулум” аттуу обондуу ырларын комуз коштоосунда аткарып берди. Иш-чара соңунда Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева өз сөзүндө Э.Иманалиевди акын катары элге биринчи ирет алып чыгып жаткан бул кеченин абдан бийик деңгээлде өткөнүн белгилеп, ага мындан ары да чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Садык Шер маданияттын, адабияттын жана искусствонун элдин өнүгүүсүндөгү маанисин белгилеп, “Поэзия кечелери” демилгеси үчүн Р.И.Отунбаевага жана ал негиздеген Фонддун кызматкерлерине өз ыраазычылыгын билдирди.