Түркия мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. 2-бөлүк.
February 20, 2018, 06:0011-февралдан 14-февралга чейинки сапардын программасы жөнүндө материалдын биринчи бөлүгү мурдагы макалада шилтеме боюнча>>> 15-февралда топ Бакыркей Муниципалитетиндеги аялдар колониясынын аймагында турган “Адалет” балдар бакчасына барды. Бул өзүнчө түрдөгү кайталангыс долбоор, алардын айтымы боюнча, дүйнөдө мындай балдар бакчасы жок. Балдар бакчасы 3 жылдан бери иштеп жатат. Бакчада 46 бала бар – булар камактагы аялдардын балдары жана абактын кызматкерлеринин балдары. Балдар түнкүсүн энеси менен боло, ал эми 8:00дөн 16:30га чейин балдар бакчасында болот. Бул жерде окутуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн, ошондой эле балдар менен психологдор иштейт, ар кандай мастер-класстар, атка мингизип сейилдетүү жана башкалар жүргүзүлөт. Бакча Түркиянын Билим берүү министрлигинин жана Юстиция министрлигинин ортосундагыэки тараптуу кызматташтыктын учурунда түзүлгөн. Ушул эле күнү делегация Кючюкчекмеже Муниципалитетиндеги “Папатя” балдар бакчасына барды, ал, башкаларга салыштырганда, чоң аянтка ээ. Балдар бакчасынын аймагында кемпинг үчүн участоктор, өрдөктөрдү, коендорду жана башкаларды багуу үчүн участоктор, өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн участоктор бар жана кала берсе токочторду бышыруу үчүн мештер бар. Ушунун бардыгы балдар бакчасынын директору Булент Идемирдин аркасында болду, ал өзүнүн ишин жана балдарды ушунчалык жакшы көргөндүктөн бакчанын шарттарын жакшыртуу үчүн бардыгын жасайт. 16-февралда балдарды Эсенлер Муниципалитетиндеги Эне жана балдар борборунда тосуп алышты, бул жерге балдар борборго 3 саатка барышат, алэмибул учурда энелер үчүн ар түрдүү темалар жана багыттар боюнча тренингдер өткөрүлөт. Андан соң топ Багжылар Муниципалитетине барды, ал жерде балдар бакчасынын, жабык балдар аянтчасынын, ДМЧАлар үчүн борбордун жана Аялдар үчүн маданият, көркөм өнөр борборунун иши менен таанышты. Бул жерде калктын бардык катмарларына көңүл бурула тургандыгын белгилеп кетүү керек. Ошол эле кечте сапардын катышуучуларына сертификаттарды расмий тапшыруу болуп өттү, ал жерде балдар сапарды уюштургандыгы үчүн Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Ассоциациясынын Башкы катчысы Фахри Солахка ыраазычылык билдиришти. 17-февралда делегация Стамбул шаарынын ажайып жерлери менен таанышты. Султан Ахметте, Айя Софияда, Миниатюркта жана башка жерлерде болду жана кечинде үйгө Бишкекке аман-эсеп кайтып келишти. Эске сала кетсек: «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору», «Өнүктүрүүнүн мобилдүү борборлору», «Бешик ыры» долбоорлорунун жана башка долбоорлорунун 2017-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча жигердүү катышуучулар, уюштуруучулар жана өнөктөр Түркияга сапар менен сыйланган. Түркияга визиттин программасы Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Ассоциациясынын колдоосу менен уюштурулду. КРнын билим берүү тутумунун 12 өкүлү Стамбул шаарынын Муниципалитеттеринин билим берүүсүнүн мектепке чейинки тутуму менен таанышты. Визиттин максаты – Түркия Республикасынын билим берүү тутуму менен таанышуу, кенже жана наристе курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, бул багытта инновациялык методика менен таанышуу.