«Поэзия кечелери» долбоору чек арадан алыска кадам таштады
February 19, 2018, 06:00«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Поэзия кечелери» долбоору чек арадан алыска кадам таштады. Жекшембиде, 18-февралда, Москва шаарында китепканалардын биринин жайлуу залында мекендештердин акын, жазуучу, журналист, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстандын жаштары үчүн Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Ялта шаарындагы эл аралык телекино фестивалынын Гран-присинин ээси, КР УТРКнын базасында алгачкы кыргыз телесериалдарынын негиздөөчүсү, Кыргызстан Драматургдар гильдиясынын төрагасы Озбекова Жеңишгүл Авазовна менен кайталангыс жолугушуусу уюштурулду. Үч сааттан ашыкка созулган кече биздин мекендештерге автордун оозунан мыкты чыгармаларды, өмүрүндөгү окуяларды угууга, суроолорду берүүгө жана жоопторду алууга мүмкүндүк берди. Бул жолугушууЖеңишгүл Авазовнанын аркасында эркин достук кырдаалда өттү, ал өзүнүн чыгармаларын артисттик менен аткарып, катышып олтургандардын бардыгын оң эмоцияга бөлөп, үйдөн алыста жүргөн мекендештерге унутулгус мүнөттөрдү, мекендин үнүн угуу мүмкүнчүлүгүн берип, аларды түбөлүктүү дөөлөттөр жана адабияттын өлбөс-өчпөстүгү жөнүндө ойго түрттү. Төраганын орун басары, КРнын Россиядагы мурдагы элчиси Аттокуров Раимкул Арзымаматович жана ишкер Кубанычбек Осмонбеков аркылуу Москвадагы Кыргыз диаспорасынын Коомдук кеңшине ушул кечени уюштурууга жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз.