Базалык стандарттарды илгерилетүүдөгү маанилүү кадам
December 25, 2017, 06:002017-жылдын 25-декабрында Кыргыз Речпубликасынын Жогорку Кеӊешинин имаратында КР Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйынга комитеттин 11 мүчөсү , КР Билим жана Илим министри Кудайбердиева Г.К, КР Саламаттыкты сактоо министри Батыралиев Т.А, КР Каржы министри Касымалиев А.А, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана этникалар аралык мамилелердин мамлекеттик агенттигинин директору Салиев Б, Кыргыз билим берүү Академиясынын президенти Мамытов А.М., ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы офисинин жетекчиси Юкиэ Мокуо, эксперттер, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйынды комитеттин төр айымы Молдобекова Г.С алып барды. Аталган иш чарада «Балдардын төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки өнүгүүсүнүн Базалык стандарттарын жана 7 жашка чейинки баланын өнүгүүсүнүн Күндөлүгүн илгерилетүү жөнүндө» биринчи маселе катары каралды. Бул маселени карап, талкууга алуу иш-чарасы «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан демилгеленип, уюштурулду. КР ЖК депутаты А.Касымалиева балдарды 3 жашка чейин тарбиялоо абдан мааниге ээ экенин, көп ата-энелер бул иште маалымат жетишсиздигинен кыйналып жатканын негиздөө менен, Базалык стандарттарды жана Күндөлүктү депутаттардын талкуусуна сунуштады. Жыйын учурунда ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы офисинин жетекчиси Юкиэ Мокуо балдарга инвестиция салуу кедейликти кыскартуудагы маанилүү багыт экендигине токтолуп, талкууланып жаткан документтер ата-энелер, педагогдор жана медиктер үчүн балдарды эрте өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ деп белгиледи. Аталган комитеттин төрайымынын орун басары А.С.Токторов биз келечек ээлерине канчалык инвестиция жасай алсак, ошончолук түшүмү болоорун жана Базалык стандарттарды колдоп, аларды эл ичине таратуу зарылдыгын баса айтты. Андан соң сөз сүйлөгөн ЖК депутаттары Строкова Е.Г., Никитенко Н.В., С.Шер, .Жапаров А. да өз сөздөрүндө аталган документтердин маанисине токтолуу менен аларды жайылтуу маселесине көңүл бурушту. Алсак, Никитенко Н.В. ушул темада социалдык роликтерди тартуу, маалымат кагаздарын басып чыгарып эл ичине жайылтуу сунушун айтса, депутат Жапаров А. аз камсыз болгон 400 миң үй-бүлөлөргө Күндөлүктү бекер таратуу маселесин койду. Ошондой эле КТРК жана ЭЛТР каналдарынан ушул багыттагы роликтерди акысыз жана үзгүлтүксүз чыгаруу тууралуу оюн билдирди. Ал эми жыйында баяндама менен чыгып сүйлөгөн «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук уюмунун аткаруучу директору Кендирбаева Д.Ш кайсы мамлекет болбосун анын келечеги адам ресурстарына байланыштуу экенин белгиледи. Ошондой эле ал баланын 3 жашка чейинки учуру - сыйкырдуу курак деп атап, балдарды эртелеп тарбиялоо келечекте коопсуз, тынч коомду куруунун кепили болооруна токтолду. Маселени талкуулонун соңунда эл өкүлдөрү бир добуштан колдоого алуу менен Балдарды төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки өнүгүүсүнүн Базалык стандарттарын жана 7 жашка чейинки баланын өнүгүүсүнүн Күндөлүгүн басып чыгаруу жана кеңири жайылтуу багытында тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго милдеттерди жүктөө тууралуу чечим кабыл алышты.