Бүгүн «Балдар филармониясынын» жаш меймандары норвегиялык композитор Эдвард Григдин чыгармачылыгы менен таанышты
December 14, 2017, 06:00...Норвегия жомоктогудай кооз жана сымбаттуу – түндүктөгү өлкө, аска-зоолордун жана фьорддорун, көздүн жоосун алган бийик чокулардын жана сыйкырдуу түндүк жаркырагынынчөлкөмү. Элдик музыка бай жана өзүнчө түрдө – ырлар, бийлер, кызыктуу байыркы жомоктор, уламыштар бар. Концертти алып баруучу музыка таануучу Алтынай Абетекова жаш угармандарды таң калычтуу өлкө – Норвегия, анын кооз жаратылышы, күчтүү жана мээримдүү адамдары, маданияты жана мифтери менен тааныштырды. Тоолордогу үңкүрлөрдө кенчтерди кайтарган троллилер, сулуу кыздар жана эр жүрөк баатырлар жөнүндө норвегиялык жомоктор – ушулардын бардыгы норвегиялык композитор Эдвард Григдин "Пер Гюнт" сюитасы үчүн негиз болуп калды. Концерттин программасын дирижер Семетей Султановдун башкаруусу астында Абдраев атындагы музыкалык мектептин Симфониялык оркестри ойноду. Музыкалык викторинанын жеңүүчүлөрү концерттин өнөгүнөн – Норвегия Королдугунун Ардактуу Консулу Айжан Чыныбаевадан байгелерди алды.