logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Борбор шаардын мектептеринин окуучулары экологиялык тарбиялоо боюнча билимдерди алууда

November 24, 2017, 06:00

2017-жылдын сентябрында старт алган «Экологиялык тарбиялоо боюнча билимдердин кербенине» борбор шаардын 12: №: 2, 8, 68, 13, 40, 42, 47, 50, 55, 57, 58, 59 мектептери барды жана ага 7, 8 жана 9-класстардын окуучулары катышты.   «Экологиялык тарбиялоо боюнча билимдердин кербени» экология жөнүндө билимдерди айкындоого лекция-презентацияны, талкууларды жана командалык оюндарды билдирет. Иш-чаранын жүрүшүндө балдар: «Адам курчап турган чөйрөгө кандай зыян келтирет?» «Пластиктин жана таштандылардын адамдын ден соолугуна жана курчап турган чөйрөгө зыяны» жана эң башкысы «Биз туулуп-өскөн ата-журтубузга кантип жардам бере алабыз?» деген сыяктуу суроолорго жоопторду алды.   Презентациядан тышкары мектеп окуучуларына «Адам» мультфильмижана эко-долбоордун алкагында түзүлгөн социалдык роликтер көрсөтүлөт. Лекторлор окуучулар менен бирдикте китеп окуйт жана «Жаш бишкектиктин эрежелерин», Фонд чыгарган экологиялык плакатты талуулайт.   «Экологиялык тарбиялоо боюнча билимдердин кербени» 2017-жылдын сентябрынан тартып ноябрына чейин Бишкек шаарынын 1500дөн ашык мектеп окуучусун камтыды.   Бул акцияны Кристенсен Фонду колдогон «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте уюштурду.   «Экологиялык тарбиялоо боюнча билимдердин кербени» акциясы окуу жылынын аягына чейин улантылат.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram