Бишкек шаарынын 8 турак жай конушунда жаңы долбоорго старт берилди
November 24, 2017, 06:002017-жылдын 1-ноябрынан тартып «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын 8 турак жай конушунда «Өнүгүүнүн мобилдүү борбору»жаңы долбоорун баштады. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Өнүгүүнүн мобилдүү борбору» долбоорунун алкагында борбор шаардын жаңы конуштарында 2017-жылдын 1-ноябрынан 9-ноябрына чейин «Гигиена жана санитария» темасына, 14-ноябрдан 21-ноябрга чейин «Соо тиштер» темасына тернингдерди уюштурду. Окутуу «Дордой», «Ак-Бата», «Ак-Босого», «Калыс-Ордо», «Ала-Тоо», «Ак-Өргө», «Кара-Жыгач» жана «Рухий –Мурас» сыяктуу жаңы конуштарда өттү. Жолугушуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун, Бишкек ден соолукту чыңдоо борборунунөкүлдөрүнүн, мектептердин директорлорунун, кварталдык комитеттердин, үй-бүлөлүк врачтар топторунун, активисттердин, волонтерлордун катышуусу менен расмий ачылды. «Өнүгүүнүн мобилдүү борбору» долбоорунун максаты – кичинекейинен өнүктүрүү маселелери боюнча ата-энелердин жөндөмдөрүн жакшыртуу аркылуу кичинекей курактан тартып балдарга кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга көмөктөшүү. Белгилеп кетели, окутуу КР Саламаттык сактоо министрлиги, РЦУЗ, БЦУЗ менен бирдикте өткөрүлүп жатат. Тренингдер чоң кишилерге жана балдарга арналды – 8 жаңы конуштун ар биринде семинарды угууга кеминде100 адам келди, алардын жарымы – балдар. Бүгүнкү күнгө карата ушул долбоордун алкагында «Таза кол» темасы боюнча окутуулардынжана жолугушуулардын биринчи айлампасына 419 чоң киши жана 411 бала катышты. «Соо тиштер» темасыбоюнча экинчи айлампада 325 чоң киши жана 257 бала окуудан өттү. Республикалык жана Бишкек ден соолукту чыңдоо борборунун адистери ЦСМдин медиктери машыктыруучу жана лектор болду. Жолугушуулардын программасы окутуудан тышкары, ошондой эле өзүнө тематикалык окуу фильмин, гигиена жана санитария боюнча, соо тиштер жөнүндө таратылуучу материалдарды берүүнү камтыды. Ар бир тренингдин аягында суроолор жана жооптор менен талкуулап жана бекемдешти. Уюштуруучулар балдарга «Таза кол» темасы боюнча биринчи айлампада, «Соо тиштер» темасы боюнча экинчи айлампада оюн түрүндө интерактивди уюштурду. Жолугушуулардын учурунда тургундарга медициналык текшерүүдөн өтүү мүмкүнчүлүгү берилди, башкача айтканда, ар бир тренингдин аяктоочу бөлүгүндө ар кандай профилдеги врачтары: терапевттери, педиатрлары, стоматологдору, гинекологдору жана окулисттери бар «Мобилдүү медициналык клиника» жерине келип турду. Алар жаңы конуштардын 702 тургунун акысыз медициналык кароону жүргүздү. Жыйынтыктар боюнча ар кандай мүнөздөгү 170 дарт табылды. Катышуучуларга «Таза кол» деген аталыштагы 614 даана маалыматтык-билим берүү материалы тартууланды. Бул демилгенин өнөктөрү төмөнкүлөр болду: Бишкек шаарынын мэриясы, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору, ЦСМ, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы, билим берүү мекемелери, анын ичинде мектепке чейинкибилим берүү мекемелери, И.Арабаев атындагы КМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, «Манас» кыргыз түрк университети, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык Славян университети, Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай улуттук коому, ошондой эле борбор шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун муниципалдык органдары.