«Ыр дайра» же «Поэзия кечелеринин» жаңы сезону ачылды
November 20, 2017, 06:00Жайкы каникулдаржана шайлоо мезгили менен байланышкан тыныгуудан кийин 17-ноябрда «Поэзия кечелеринин» цикли кайрадан башталды. Кеченин азыркы меймандары эки акын – Нурлан Калыбеков жана Рысбай Исаков болуп калды. Сынчылар менен аздектегендер Нурлан Калыбековду өтө терең акын деп аташат, анын ырлары философиялуулугуменен айырмаланат. Аны ошондой эле ынталуу насаатчыжана ментор катары жаштар чөйрөсүндө жакшы көрүшөт. Дал ал поэзия кечесин «Ыр дайра» деп атоону сунуш кылган, ал акындын жан дилинен оргуп чыгып жана өзүнүн угуучуларынсугарган дарыяны билдирет. Рысбай Исаковду көпчүлүгү көрүнүктүү манасчы катары билет жана ошондуктан «Поэзия кечесинде» анын сахнага чыгышы көпчүлүгү үчүн ачылыш болду. Рысбай Исаковдун ырлары өтө шаңдуу, көркөм, уккулуктуу, аларды угармандар абдан жакшы кабыл алды. Бул анын акын катары биринчи жолу чыгышы деп айтууга болот жана өтө ийгиликтүү деп белгилөө керек. «Поэзия кечесинин» фотосүрөттөрү кеченин жагдайын да, угармандардын сезимдерин да чагылдырды. Кеченин аягында КР экс-Президенти Роза Исаковна Отунбаева мындай деп айтты: «Өнөрлүү акындын жан-дили сезимтал болот, ал өзүнүн талантын адамдарга тартуулайт, бирок акынды уккандар да поэзияны сиңирип алат, акындын сөзүнүн жанды эргиткен күчүнө бөлөнөт, жан-жүйнөсүсергийт, жашоо үчүн дем-күчтү жана шыктанууну алат».