Р.Отунбаева «РухЭштин» тушоосун кести
October 3, 2017, 06:002017-жылдын 1-октябрь күнү Бишкек шаарындагы “Манас” кинотеатрында болуп өткөн “РухЭш” сайтынын жана Т.Шайдуллаеванын “Кызыл өрүк” китебинин бет ачаарында Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.Отунбаева аталган сайттын тушоосун кесип, “РухЭштин “ коомдогу маданий агартуучулук ролуна токтолду, анын ишмердигин карды жарып чыккан эдельвейс гүлүнө салыштырды. “РухЭштин” бүгүнкү күндө жазуучулар, акындар, публицисттер, илимпоздор үчүн маанилүү чыгармачыл аянтчага айланганын жана окурмандардын көркөм табитин ойготууда чоӊ салым кошуп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле Роза Исаковна Топчугүл Шайдуллаеванын “Кызыл өрүк” китеби тууралуу да өз пикирин билдирди. Китептин заманбап стилде , кыска-нуска жазылганын, автордун карапайым, мээнеткеч айылдык замандаштарыбыздын образын таамай ача алганын, китептин мазмууну айтып тургандай кызыл өрүк –бул кызылдар бийлиги учурундагы колхоздо кыйналып иштеп, бирок анын акыбетин аз көргөн аялдардын символикалуу образы экенине токтолду. Катышуучуларды китепти окууга үндөдү. Иш чара учурунда Салижан Жигитов атындагы «Улут абийри» сыйлыгы белгилүү журналист Нарын Айыпка, ал эми Ишенбай Абдуразаков атындагы «Рухий эш» сыйлыгы география илиминин доктору, белгилүү профессор Эмил Шүкүровгө ыйгарылды. Сыйлык ээлеринин ар бирине 100 000 (жүз миң) сомдон байге, диплом жана атайын статуэткалар тапшырылды. КР экс-Президентинин катышуусу менен өткөн бул иш чара адабий-музыкалуу номерлер менен коштолду.