Бишкек шаарынын МБУларынынметодисттерининавгуст конференциясы
August 24, 2017, 06:002017-жылдын 22-августунда№ 9 "Алмаз" балдар бакчасында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (МБУ) методисттеринин август конференциясынын секциясы өттү, аны Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы жана МБУнун усулдук кеңеши уюштурду. Иш-чарага борбордогу МБУлардын 70ке жакын методисти, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү (башкы адистерМайтикова Ч.Н., Безродняя Г.В.), «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү, КР БжИМдин алдындагы ДНШО РИПКиППР кафедрасынын башчысы Л.В.Усенко,ШББнын усулдук кеңешинин эксперти Т.Э.Уметов, ошондой эле № 53МБУнун өкүлү – «Жылдын мыкты тарбиячысы» шаардык конкурсунун жеңүүчүсү А.У. Өмүралиева катышты. Секцияны Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын өкүлү Ч.Н.Майтикова ачты. Расмий ачылыштан кийин секциянын катышуучуларын окуу жылынын башталышы менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун координатору Исак к.К. куттуктады. Методисттер «МБУда балдарды экологиялык тарбиялоонун маанилүүлүгү» деген аталыш астында экологиялык тарбиялоо, салттуу экологиялык билимдер, биологиялык ар түрдүүлүк жана курчап турган чөйрө жөнүндө презентацияны укту, курчап турган чөйрөгө карата аяр мамилеге чакырган социалдык роликтерди көрдү жана балдарды экологиялык тарбиялоо боюнча эко-долбоордун алкагында иштелип чыккан жана чыгарылган плакаттар, китептер, дискалар сыяктуу көп сандаган пайдалуу материалдарды алды. Пайдалуу эко-ресурстардан тышкары, балдар бакчаларынын методисттерине 2017-2018-окуу жылына «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын биргелешкен иш-чаралары боюнча «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы план сунуш кылынды. Эко-долбоордунМБУдагы бардык алдыдагы иш-чаралары мектепке чейинки балдарды экологиялык тарбиялоого багытталган, мында эртелеп экологиялык тарбиялоо курчап турган чөйрөнү сактоо үчүн жооптуу болгон маданияттуу муунду калыптандыра тургандыгы эске алынды. Презентацияларды ушул жерден жазып алып жана таанышууга болот>>>