logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р. И. Отунбаева 7-8-августтаТүп-Ак-Суу районундорудагы Жайлоо өнүгүү борборлорунун ишмердүүлүгү менен таанышты

August 13, 2017, 06:00

Роза Исаковна баштаган топ, 7-августта Түп району, Сан-Таш АО караштуу Каркырадагы Жайлоо өнүгүү борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып, балдар жана алардын ата-энелери менен баарлашты. Иш-чара убагында бала бакчанын тарбиячысы – Жаныбекова Гүлмира балдар менен биргеликте кагаздан буюм жасап, балдардын өздүк чыгармачылыгынын репертуары менен тааныштырды. Андан тышкары Австриядан келген Сабрина Шовер Whatanimal I am?SpanishBull, Fingergame, Songsсыяктуу мастер класстарды көрсөттү. Кыргызстанга таанымал Таштакеевдердин үй-бүлөсү балдар жана ата-энелер менен баарлашып, жети жаштагы Айжан Таштакеева“Бир убакытта көп адам менен шахмат ойноо сеансын” өткөрдү. КТР дин жаш журналисти – Канат Дилдедосов курбулаштары менен “Журналистиканын сырлары” темасында маектешүү орун алды. Журналистикага кызыккан балдар жана ата-энелер суроолоруна жооп алышты. Андан тышкары Бишкек Гуманитардык Университетинин алдындагы Конфуций институту тарабынан уюштурулган мастер класстар балдар тарабынан кызыгууну жаратты. 50 дөн ашык ата-эне жана өнүгүү борборуна келген 25 баланы медициналык кароодон өткөрдү. Бул иш-чарага Түп районунун админстрациясынын орун басары -Дүйшөбаева Эрмекан Асанакуновна, Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы – Адылбек Такаев, жергиликтүү бийлик органдары жана ата-энелер катышышты. 8-августта Ак-Суу районунун Кызыл-Кыя жайлоосунда “Билим фестивалы – Жайлоо өнүгүү борборунда” деген темада семинар өттү. Бул семинар Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмү жана Ак-Суу райондук балдар чыгармачыл борборунун коллективинин кызматташуусунун негизинде ишке ашты.Билимфестивалынынаянтчаларынында: Кагазгасүрөттартуу «Жайлоокеремети»Жипмененсүрөттартуу, Оригами-кагазменеништөө, Фильцевание-тешипсаю, Экология боюнчапазлдардычогултуу. Андан тышкары Конфуций институту тарабынанөткөрүлгөн мастер класстар, жанадарыгерата-энелерди, балдардымедициналыккароодонөткөрдү, АжараТаштакеева “Бирубактакөп киши менен шахмат ойоноо” сеансында ата-энелер жана балдар катышышты. АвстрияданкелгенСарбинаШовер мастер класстарды тартуулады. Ата-энелер жайлоодогу малчылар үчүн “Жайлоодогу өнүгүү борборлорунун ролунун абдан жогору экендигин билдирип, ар тараптуу өнүгүүсүнө кызыкдар экендигин белгилешти.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram