Назим Турдумамбетов: «Эгерде процессти токтотуу мүмкүн болбосо, аны башкаруу керек!»
July 28, 2017, 06:00"Ар бир адам – бул аалам” «Эгерде процессти токтотуу мүмкүн болбосо, аны башкаруу керек!» Н.Турдумамбетовдун Мейман лекциясынын пост-релизи 28-июлда Philips Innovation Labs RUS аткаруу директору Назим Турдумамбетовдун «Телефондорменен телевизорлорду өндүрүүчүдөн жогорку медициналык технологиялардын лидерлигине же үч дос CSR, PR жана GR өзүнүн турпатын өзгөртүүгө компанияга кантип жардам берди» темасындагы мейман лекциясы өттү. Лекцияга орто деңгээлдеги менеджерлер, врачтар, бизнес түзүмдөрдүнпиар адистери жана мамлекеттик түзүмдөрдүн, жарандык коомдун өкүлдөрү, бардыгы болуп 35 адам катышты. Спикер өзүнүн тарыхы, 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы, Бишкектеги коомчулук менен байланыш боюнча адисинин позициясынан баштагандыгы жөнүндө жана Нью-Йоркто БУУнун Катчылыгында Коомдук байланыштар департаментиндеги иши жөнүндө айтып берди. Өткөн кылымдын 30-жылдарында Филипс корпорациясын түзүүнүн тарыхы бардыгынын кызыгуусун туудурду, алардын биринчи заказы Кышкы Сарайга 50 миң лампочка, 40 жыл мурда корпорацияда 425 миң адам иштеп турган, алгачкы радиоприемниктердиөндүрүү, реактивдүү жана проактивдүүлобби, пиар кампанияларды түзүү. Ошондой эле уюмдун гана эмес, ошондой эле ар бир кызматкердин социалдык жоопкерчилиги. «Корпорациянын негизги иши медицина менен байланышкан, мисалы, мамографтардыөндүрүүжана мамлекеттик органдар менен бирдикте, белгилүү инсандардын, саясатчылардын, эстрада жана кино жылдыздарынын катышуусу менен биз «Ар бир адам – бул аалам!» деген аталышта эмчектин рак оорусунун алдын алуу боюнча масштабдуу акцияларды уюштуруп жатабыз. Оорулардын алдын алуу, эскертүү жана эртелеп диагноз коюу, калктын скринингиоорулардын 50%дан ашыгын четтете алат», - деп белгиледи лектор. Катышуучулар өлкөнүн лидерлеринин ийгиликтүүлүгүнүн 12 критерийи, адамдын жекече өсүшү үчүн окутуунун формуласы менен таанышты. «Эгерде процессти токтотуу мүмкүн болбосо, аны башкаруу керек!»жана бул процессти башкарууүчүн бул багытта сапаттуу жана системалуу ишти жүргүзүүнүн бардык аспекттерин билүү зарыл», -деп белгиледи лектор. Бул иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын«Мекендештер форуму» долбоору ишке ашырып жаткан «Мекендештердин волонтердук мейман лекциялары» билим берүү программасынын алкагында жүргүзүлүп жатат. «Мекендештердин волонтердук мейман лекциялары» билим берүү программасы 2017-жылдын апрелинде старт алган. Бишкек шаарыжана Ош шаары алгачкы пилоттук региондор болуп калды. Бул демилгени шаарлардагы ири ЖОЖдор, И.К. Ахунбаев атындагы КММА, Кыргыз-Россиялык Славян университети, Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Бишкек гуманитардык университети, ОшМУ колдоду. Четөлкөлөрдөгү ийгиликтүү мекендештер катышкан лекцияларга катышуу учурунда студенттер иштин ар кандай чөйрөлөрүндөгү көп сандаган эксперттер, адистер, ишкерлер менен маектешүүгө үлгүрдү. Балдар потенциалдуу иш берүүчүлөр менен таанышып, бүгүнкү күндө жаш адистерге кандай талаптар коюлаарын биле алды.