Тегирментидеги «Монте Кемин» Жайлоо өнүгүү борборуна сапар
July 20, 2017, 06:0018-июлда КР экс-президенти Отунбаева Роза баштаган топ Кемин районунун Тегирменти айылындагы «Monte Kemin “Жайлоо өнүгүү борборунун” ишмердүүлүктөрү менен таанышып, мастер класстарды өткөрүп келишти. ϴнүгүү борбор айылдын жогору жагындагы ажайып кооз тоонун этегинде жайгашып, айылдык жеткинчектерди ар жума жаны топторду кабыл алуу менен окутат. «Monte Kemin”дун жайлоо өнүктүрүү борборунун өзгөчөлүгү Италияда жашап жаткан мекендешибиз Калыбек Акиловдун демилгеси жана каржылык колдоосу менен ачылган. Бул борбордо биотенохнолияга, италия тили жана спорт тармагында бекемирээк окутулуп, тарбия иштери жүргүзүлөт. Калыбек мырзанын дагы жеке демилгеси менен ар бир окуучу жеке формалар алынып берилип, ар кыл мастер класстарды, сабактарды өткөргөн эжей агайларга баалуу белектер, акчалай сыйлыктар таршырылды. Жайлоо өнүгүү борборундагы балдар үчүн Австриядан келген Сабрина кыймылдуу оюндарды өтүп, англис тили боюнча мастер класстарды өтсө, Санкт-Петербургдан келген а Алика орус тилинде манжа оюндары, жаңылмачтар боюнча мастер класстарды көрсөттү. Ал эми Сүрөт академиясынын доценти Замир Илипов Манас темасында сүрөт тартуу боюнча сабак өтүп, балдарга сүрөт тарттырды. Жаштардын сүймөнчүгүнө айланган жаш журналист, "Баластан" теле берүүчүнүн алып баруучусу Канат Дилдедосов журналистиканын сырлары менен бөлүшүп, өз өнөрүн балдарга тартуулады. Иш чарага Тегирменти айылынын ата-энелери жигердүү катышып, жомок окушуп, интер активдүү оюндарды ойношту. Роза Исаковна мастер класстардын маанилүүлүгүнө токтолуп, фонд тарабынан чыгарылган "Балерина" китебин окуп берип, ата-энелер үчүн китептин маанилүүлүгүнө токтолду. Иш чара өнүгүү борбордун окуучуларынын концерттик программасы менен коштолду. Бул иш-чарага Кемин райондук акимдин орун басары Курманалиева А. З. баштаган райондук жана айылдык жетекчилер катышып, бул долбоордун маанилүү экендигин баса белгилешти. Калыбек Акиловдун балдардын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирүү менен мындай демилгелердин уланышына кызыкдар экендигибизди билдиребиз.