Роза Отунбаева баштаган топ Нарын-Ак-Талаа-Тогуз-Торо райондорундагы «Жайлоодогу өнүгүү борборлорунун» ишмердүүлүгү менен таанышып, мастер класстарды өттү.
July 10, 2017, 06:005 - 7 июль аралыгында КР экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева, Азиялык жана Кыргызстандын деңгээлинде шахмат боюнча алты чемпионду тарбиялаган Съездбек Таштакеев, Шахмат боюнча Азиянын үч жолку, Кыргызстандын жети жолку чемпиону он төрт жаштагы Руслан Таштакеев, Алты жаштагы шахмат боюнча чемпион Айжан Таштакеева ж. б. адистер үч райондун “Жайлоодогу өнүгүү борборлорунун” ишмердүүлүктөрү менен таанышып, мастер класстарды өттү. Үч күндүн ичинде Нарын районуна караштуу, “Жалгыз-Терек Жоогазындары”, Ак-Талаа району, Куртка айыл округуна караштуу “Бөбөктай”, Ак-Талаа районундагы “Сары-Жыгач” лагеринде андан кийин Тогуз-Торо районуна караштуу Теке-Уюк конушунда жайгашкан “Аздек” жана Кичи Макмал жайлоосундагы“Перизат” Жайлоодогу өнүгүү борборлорундагы балдарга китеп окуу, Компьютердик сабаттуулук, интерактивдүү оюндар, кенже курактагы балдарды ар тараптуу өнүктүрүү боюнча маектер орун алды. Мастер класстардын эң маанилүүсү алты жаштагы Айжан кызыбыздын “Көп адам менен ойноо” сеансы болду. Ар бир жайлоо өнүгүү борборунда өткөн мастер класстар ата-энелердин, балдардын шахматка болгон кызыгуусун жандандырып, кенже курактан баштап балдар менен иштөөнүн актууалдуулугун дагы бир жолу тастыктады. Мастер класстар менен катар ар бир өнүгүү борбору өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты.