Борбордо Кыргызстандын кинематографист айымдарына арналган «Назиктиктин күчү жана көркөм өнөрдүн катаалдыгы» киноальбомун презентация лашты
June 24, 2017, 06:0023-июнда Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө Кыргызстандын кинематографист айымдарына арналган «Назиктиктин күчү жана көркөм өнөрдүн катаалдыгы» киноальбомунун презентациясы өттү. Китепти Швейцариянын элчилигинин колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду басып чыгарды. Китепти кино сынчы Гульбара Төлөмүшева окурмандарды кыргыз киносундагы айымдардын таланттуу плеядасыменен тааныштыруу, кинематографта иштөөнү эңсеген кыз-келиндерди кубаттоо жана аларга жол ачуу үчүн жазган. «Аялдар тарткан фильмдер болмоюнча, чындыкка чын дилден, терең көз караш болмоюнча «кыргыз керемети» деп аталган биздин кинобуз толук эмес, окуяларга бай эмес болмок», -деп билдирди Кинематография департаментинин директорунун орун басары Гульмира Керимова. Ошондой эле иш-чарага КР экс-президенти Роза Отунбаева катышты. Китептитүзүүчүлөрдүн алдында ар кандай кесиптер аялдардын колунан келээрин бардыгына көрсөтүү милдети турду, деп белгиледи ал. «Айымдарда өз максатын ишке ашырууга тоскоолдуктар болууга тийиш эмес. Биз аялдар иштей ала турган өтө көп кесиптерди жоготуп жатабыз. Бизде геологиялык кесиптер болгон, анда бир кыйла аял кадрлар иштеген. Бүгүнкү күндө, мисалы, энергетик аялдарды көрө албайсың. Айымдар ашып кетсе бухгалтерияда, кыязы, чай ташыйт, ал эми түзүп жана жаратып жаткан кыз-келиндер аз. Совет мезгилинен бери эле кинону эркектер тарткан», - деп билдирди Р.Отунбаева. Ал ошондой эле кереметтин эки түрү бар деп белгиледи. «Биринчи керемет: кыргыз фильмдери. Акыры ушул кыргыз киносу Феникс кушу сыяктуу кайра жаралап жатат. Биз өзүбүздү эч качан үчүнчү дүйнөдөгү өлкө деп сезген эмеспиз, анткени бизде кинематографсыяктуу таза руханий өндүрүш бар. Экинчи керемет – кыргыз кинематографындагы айымдар. Бул феномен. Бизде аялдар эң күчтүү көркөм өнөрдө иштеп келген жана иштеп жатат», - деп билдирди Р.Отунбаева. Китеп 20 кинематографист жөнүндө айтып берет жана төмөнкүдөй 3 бөлүмдөн турат: акыл-эс, эки доордун мууну, жаңы ысымдар. «Акыл-эс» бөлүмүндө автор кинематографтын Динара Асанова, Лира Турусбекова, Клара Юсупжанова сыяктуу айрым чеберлери жөнүндө жазган. «Эки доордун мууну» бөлүмүндө белгилүү режиссерлор Ракыя Шершенованын, Венера Жаманкулованын, Гульмира Керимованын, Флора Газиеванын, Жаңыл Жусупжандын, ДальмираТилепбергенованын, ГульбараТөлөмүшеванын интервьюлары берилген. Кыз-келиндер, кинематографтын ишмерлери Асель Жураева, Чолпонай Бөрүбаева, Эльнура Осмоналиева, Алтынай Койчуманова жана башкалар «Жаңы ысымдар» деген үчүнчү бөлүмдүн каармандары болуп калды. Китептин презентациясына кинорежиссерлор, актрисаларжана башка маданият ишмерлери келди. Геннадий Базаров өз кезегинде Кыргызстандагы алгачкы кинорежиссер аял Фатима Мамыралиеваны эстеди, ал Кыргызстанда ВГИКтин биринчи бүтүрүүчүсү болгон. Ошондой элеөз сөзүндө ал «Кыргыз кереметин» жаратууга түрткү болгон гримерлордун, костюмерлердин, сүрөтчүлөрдүн, монтаждын режиссерлорунун баа жеткис салымын жана кинематографтын башка ишмерлеринин ысымдарын белгиледи.