Н.Кубанов: «Мага кытай тили дароо эле жакты»
May 30, 2017, 06:00«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР МОМдун жана Эл аралык кызматташтык боюнча швейцариялык бюронун колдоосу менен «Мекендештер Форуму» долбоорунун алкагында экинчи мейман лекциясын өткөрдү, ал 2017-жылдын 29-майында А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кытай борборунда өттү. «Перспектива» эл аралык билим берүү борборунун негиздөөчүсү, 2014-жылы Кыргыз маданиятынын Кытайдагы биринчи Күнүн уюштуруучу Нурлан Кубанов өзүнүн тажрыйбасы жана билгендери менен бөлүштү. Борбор 2014-жылдагы КРнын мыкты коомдук уюму катары номинант болуп саналат. Кубанов Гуанчжоудагы 2016-жылдагы бизнес форумдун катышуучусу, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ССТV телеканалынын номинациясында 2016-жылы «Достуктун элчиси» (“Посланник дружбы”) наамына татыктуу болгон. Лекциянын темасы – «Кытайдагы билим берүү». Тил борборунун кытай тили курстарынын угуучулары, Бишкек шаарынын мектептеринин жогорку класстарынын окуучулары катышуучулардан болуп калды. Лекциянын учурунда алар Кытайда окууга гранттык орунду алуу үчүн эмне кылуу керектиги, кытай тилин билүүнүн артыкчылыктары жана башкалар жөнүндө билип калышты. Бул теманын алкагында көптөгөн суроолорго жооп алынды. Н.Кубанов өзү жөнүндө жана ийгиликтерге кантип жетишкендиги жөнүндө айтып берди: «Мен колледжди аяктап жатканда, кандайдыр-бир көп нерсени билгим келди, кандайдыр-бир башка нерсени үйрөнгүм келди. Биринчи жылы мен Кытайга гранттык окутууга конкурс боюнча өтпөй калдым – ал жакта атаандаштык укмуштуудай эле. Мен үчүнчү жолу гана өттүм. Окутуунун алгачкы жылында мен эртеден кечке чейин тилди окудум, практикадан өттүм жана өзүмө дүйнөдө эң мыкты болоюн деген максатты койдум. Жыйынтыгында университеттин мыкты беш студентинин катарына кирдим жана 1500 долларлык стипендияга жетиштим. Мен коомдук турмушка да жигердүү катыштым: ырдадым, бийледим, футбол ойнодум, Кытайда кыргызстандыктардын диаспорасын уюштурдум, ал 15 шаардан мекендештерди бириктирди. Бир жыл окугандан кийин мен кытай бизнесмендери менен байланыштарды түзө баштадым. Ал жакта атаандаштык абдан жогору болгондуктан, өзүңдү стереотиптүү алкак менен чектөөгө болбойт. Окуу биринчи даражадагы милдет болууга тийиш, тартип катуу болууга тийиш, анткени айланада азгырган нерселер көп. Бир нерсени алуу үчүн, бир нерсени садага чабуу керек. Ар бир адам өзү үчүн артыкчылыктарды алдыга коюуга тийиш. Мен 25 жашка толгондо жаш адам финансылык жактан көзкарандысыз болууга тийиш деп эсептейм. Ал эми бул үчүн ал англис тилин, кошумча тил катарында – кытай, корей, немец жана башка тилдерди билүүгө тийиш. Жаш адамдардын көпчүлүгү өзүнө «кыска» максатты коет, мисалы, кымбат телефон, машина ж.б. Көпчүлүгү өзүн көрсөтүү жолдорун издейт, артыкча билүүгө жана өзгөчө билим алууга аракет кылат. Бирок, албетте, келечектүү билимдер да бар. Биз «Перспектива» эл аралык билим берүү борборун түздүк, 2016-жылы өтө зор инвестицияларды жумшадык, региондор менен да иштейбиз. Кытайда: кытай өзү айткысы келгендин 20%ын гана айтат деген пикир бар. Биздин менталитетибиз ар башка жана кытай тилин кантип үйрөнүү керектигинин шаблону жок, ар бир адамдын жеке өзүнүн шаблону бар. Мисалы, мен күзгүнүн алдына туруп алып, жеке өзүм менен сүйлөшүп жатып окудум жана жаттадым. Тырышчаак болуу жана чөйрөнү түзүү керек». Силер Нурлан Кубанов жасаган презентация менен тааныша аласыңар >>>