logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Кыргыз улуттук консерваториясында «Балерина» китебинин презентациясы өттү

May 16, 2017, 06:00

Кыргыз улуттук консерваториясында балдар үчүн "Балерина" китебинин презентациясы өттү. Швейцариянын Кыргызстандагы Элчиси Рене Холенштайн мырза презентациянын мейманы болду. Китеп Швейцариянын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен басып чыгарылды жана балет жөнүндө көбүрөөк билүүнү же балет мектебине кирүүнү каалаган балдар үчүн белек болуп калды.   Өз сөзүндө Элчи мырза белгилегендей: «Көркөм өнөрдүн адамдары өзүнүн түйшүктүү эмгеги менен элге жашоонун ар түрдүүлүгүн көрсөтүп берет. Алар жаңы идеяларга түрткү берип жана горизонтторду ачат. Басып чыгарылган китептерди Швейцариянын Элчилиги Көркөм өнөрдү жана маданиятты колдоо программасынын алкагында финансылады. Биз өлкөнүн мыкты маданий салттарын сактоо жана улантуу, көрүүчүлөрдүн жаңы муундарын тарбиялоо үчүн агартуу ишин жүзөгө ашыруу, балдар менен жаштарды көркөм өнөргө жана маданий дөөлөттөргө аралаштыруу зарыл деп эсептейбиз».   "Балерина" – кыргыздын Таш-Дөбө айылынан чыккан Бүбүсара деген кичинекей кыздын өмүрү жөнүндө аңгеме, ал кыргыз балетинин прима-балеринасы болуп калган жана өзүнүн өнөрү менен дүйнөнү багындырган.   Консерваториянын хореографиялык факультетинин студенттери презентациянын урматына атайын даярдалган мыкты программаны сунуш кылды.   Китепти Фонддон сатып алууга болот, байланышуу телефону: 660 368.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram