Таласта туристтерди тосуп алуунун эрежелери окутулуп жатат
May 12, 2017, 06:00Бүгүн, 11-майда Талас шаарында меймандостук менен туристтерди тосуу жөнүндө окутуу өтүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады. Окутууга туризм тармагындагы өкүлдөр катышууда. Өтүп жаткан окутуунун негизги максаты — экотуризимди, айылдардагы конок үйлөрүн өнүктүрүү. «Окутууда конок үйлөрүнүн шарттары, аларды эл аралык стандарттарга даярдоо, туура жарнама берүү, келген туристтерди тосуп алуу, бөлмөлөргө жайгаштыруу, алардын тамак-ашы, тазалык тууралуу үйрөтүлүп жатат. Айыл жергесиндеги заңгыраган үйлөрдүн бош бөлмөлөрүн конок үйү катары уюштуруу менен айыл жергесиндеги аялдар жумуш менен камсыздалат», - деди иш-чараны уюштуруучулардын бири Роза Кайыкова. http://www.turmush.kg/news:324523Фото МОФ "Инициатива Розы Отунбаевой"