Таласта Билим берүү форуму болуп өттү
May 11, 2017, 06:002017-жылдын 10-майында Талас шаарында Талас мамлекеттик Университетинин базасында жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча Билим берүү Форуму болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Ш.Жаркыналиева,, Талас мамлекеттик университетинин проректору М.С.Турганбаев, КР БУУ ЮНИСЕФтин билим берүү боюнча координатору Ч. Жумагулова, областагы методикалык билим берүү борборлорунун координаторунун орун басары А.Б.Козубаева, ошондой эле аталган стандартты иштеп чыккандар , эксперттер, окутуучулар жана башталгыч класстар боюнча методикалык бирикмелердин методисттери, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун жетекчилери, ата-энелер жана Талас Мамлекеттик университетинин студенттери жана педагогикалык жамааты, педагогикалык коллеждин мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн студенттери катышышты. Форумдун иши эки бөлүктөн турду. Биринчисинде катышуучуларга төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттары жана Баланын өнүгүүсүн байкоого алган ата-энелер үчүн Күндөлүк тууралуу маалыматтар берилип, тааныштырылды. Чыгып сүйлөгөн эксперттер бул документтердин маанисине кенен токтолгон соӊ, аларды жайылтуунун жана колдонууга киргизүүнүн жолдорун иштеп чыгуу маселесин коюшту. Иш чаранын экинчи бөлүгүндө болсо катышуучулар топторго бөлүнүп, стандарттарды жүзөгө ашырууда жана Күндөлүктү пайдаланууда бирдиктүү ишмердик маселелерин талкууга алышты. Бул багытта сунуш, пикирлерин беришти. Ошондой эле Форумдун жүрүшүндө төмөндөгүдөй олуттуу маселелерге көӊүл бурулду: • Базалык Стандарттарды жүзөгө ашырууда ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатуу максатында Массалык маалымат каражаттарын кеӊири тартуу; • Педагогикалык адистерди даярдоодо Базалык Стандарттарды окутуп үйрөтүүнү окуу планына киргизүү; • Медициналык кызматкерлердин , айрыкча ата-энелер меннн иштеген кызматкерлердин бул багыттагы билимин жогорулатуу ж.б. Иш чаранын соӊунда катышуучулар Базалык Стандарттарды жүзөгө ашыруу үчүн башкы механизм катары адистерден, эксперттерден турган бирдиктүү Желени түзүү зарыл экендигин баса белгилешти. Контакты: Т.Шайдуллаева 0772 85 57 10 0552 85 57 10