Мөмө багы – балдардын мектеп тамак-ашын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү!
April 26, 2017, 06:002017-жылдын апрель айында Чүй областынын 8 мектебинде, Ысык-Көл областынын 5 мектебинде жана Талас областынын 2 мектебинде мөмө бактарын экинчи жолку жазгы отургузуу жүрүп жатат, анын максаты мектептин айланасында жемиш бактарын отургузуу жана ысык тамак-ашка бара-бара өтүү үчүн шарттарды түзүүдө мектептерди колдоо болуп саналат. Бул демилгени «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2016-жылы көтөрүп чыккан жана аны БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) колдогон. Эске сала кетсек, биринчи жазгы отургузуунун учурунда Чүй областынын 11 мектебинде 2000ге жакын жемиш бактары отургузулган, ал эми 2017-жылы көчөт отургузуу 15 мектепте өтүп жатат, ар бир мектепте алманын 100дөн 250гө чейинки көчөтү отургузулат. Мектептерде жемиш бакчаларын түзүү боюнча демилгени, биринчи жолкудай эле, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму колдоду. Күтүлүп жаткандай, келечекте алынган түшүм мектептердин түшкү тамагынын сапатын жана ар түрдүүлүгүн жакшыртууга көмөктөшөт. Бул демилге келечекте ысык тамакка өтүү үчүн мектептердин жанындагы өз чарбаларын өнүктүрүүдө мектептерге жардам берүүгө чакырылган. Жемиш бакчалары бул үчүн зарыл шарттарды түзөт – мисалы, тамактын сапатын жогорулатуу үчүн кошумча киреше. Күтүлүп жаткандай, өнөктөрдүн биргелешкен күч-аракеттеринин аркасында 3000ден ашык мектеп окуучусу алда канча ар түрдүү тамактануу мүмкүнчүлүгүн алат. Биз Фонддун иши улантылып жатканына кубанычтабыз.