Баткенде билим берүү Форуму болуп өттү
April 24, 2017, 06:002017-жылдын 20-апрелинде Баткен шаарында Баткен мамлекеттик Университетинин базасында жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча Билим берүү Форуму болуп өттү. Иш чарага кыргыз Республикасынын Экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин башчысы Юкиэ Мокуо, КР Өкмөтүнун Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ч.Саттарова, Баткен мамлекеттик университетинин ректору А.Зулпуев , Баткен облустук билим берүүнүн усулдук борборунун координатору М.Айжигитова , облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси О.Темиров ошондой эле аталган стандартты иштеп чыккан адистер , эксперттер, университеттин окутуучулары , педагогикалык факультеттин студенттери, башталгыч класстар боюнча методикалык бирикмелердин методисттери, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору, жамааттык бала бакчалардын башчылары, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун өкүлдөрү, ата энелер, айылдык ден соолук комитеттери, катышышты. Форумду Баткен мамлекеттик университетинин ректору А.Зулпуев ачып, алгачкы сөздү КР экс-Президенти Р.И.Отунбаевага берди. Форумда КР экс-президенти Р.И.Отунбаева 2016-жылы ЮНИСЕФтин колдоосу менен эксперттер тарабынан балдарды жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттары иштелип чыкканын айтып Эл Аралык уюмга ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын педагогикалык жогорку окуу жайларынын ортосунда бирдиктүү желени түзүү аркылуу балдарды жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу бүгүнкү Форумдун максаты экенин белгиледи. Анткени эрте жаш курактагы балдарга инвестиция салуу ар бир мамлекеттин өнүгүү келечегинде жана кедейликти кыскартууда маанилүү багыт болуп саналаарына токтолду. Юкиэ Мокуо форумдун азыркы Кыргызстандын балдарынын эртелеп өнүгүүсү сыяктуу актуалдуу проблемага арналып жатканын , ошондой эле ЮНИСЕФ тарабынан ата-энелер үчүн атайын күндөлүк иштелип чыкканын , бул күндөлүктү ишке киргизип, пайдалануу зарылдыгын белгиледи. Форум учурунда эксперттер тарабынан 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттары тууралуу маалымат берилип, аларды мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикалык практикасына киргизүү жөнүндөгү маселелер талкууга алынды. Ошондой эле Форумдун катышуучулары 5 топко бөлүнүп эксперттер менен биргеликте «Жаны төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки балдарды эртелеп өнүктүрүүнүн базалык Стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу үчүн маалымат алмашууга жана педагогикалык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоонун сапатын жакшыртууга багытталган КР педагогикалык окуу жайларынын ортосунда бирдиктүү Желени түзүү боюнча иш-пландарын сунушташты.