Баткен жергесинин туристтик кубаты жогору
April 24, 2017, 06:002017-жылдын 21-апрелинде Баткен шаарында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Мекендештер» долбоорунун алкагында КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, КР Маданият , маалымат жана Туризм министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча Эл аралык Уюмдун жана Эл аралык кызматташуу боюнча Швейцариялык бюронун колдоосу менен «Айылдык мейман үйлөрү Баткен облусундагы туризмдин өнүгүүсүнүн келечектүү багыты катары : абалы, келечеги, алдыӊкы практикалар» аталышында тегерек стол өткөрдү. Тегерек стол чакан жана орто бизнести колдоого, жаӊы жумуш орундарын түзүү жолдорун талкуулоого, Баткен облусунун туристтик жагымдуулугун көтөрүүгө арналды. Иш чарага КР Экс-президенти Р.И.Отунбаева, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ч.О.Саттарова, КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары А.К. Жаманкулов, Жамааттарга негизделген «Хоспиталити Кыргызстан» Кыргыз Туризм Ассоциациясынын жетекчиси М.Озубеков, «Юнисон» коомдук фондунун Президенти Н.Абдрасулова, Эл Аралык Миграция уюмунун Ош облусу боюнча башчысынын милдетин аткаруучу А.Атамбиев, «Бай түшүм» ,”Компаньон” банктарынын өкүлдөрү жана башка башкаруунун тармактык органдарынын жетекчилери жана адистери, туристтик компаниялардын өкүлдөрү, айылдык конок үйлөрдүн ээлери, ошондой эле эксперттер катышышты. Тегерек столдун жүрүшүндө Баткен облусунун туристтик объекттери , потенциалы кеӊири талкууга алынды. КР экс-президенти Р.Отунбаева өз сөзүндө тышкы гана эмес, ички туризм үчүн да Баткенди биз али ача элекпиз деп белгиледи. Ошол эле учурда Баткендин Кыргызстандын башка аймактарына такыр окшобогон туристтерди өзүнө тарткан табыгий, маданий жана тарыхый өзгөчөчөлүктөрү көп экендигине токтолуу менен туризм абдан татаал тармак экендигин, ал тазалыкты, ирээттүлүктү талап кылаарын билдирди. Сөз соӊунда Р.Отунбаева Баткен эли абдан зирек жана эптүү эл экенин белгилөө менен баткендиктерге айгүл гүлү жана өрүк гүлдөгөн учурду жигердүү туристтик сезонго айлантуу зарылдыгын сунуштады. Айылдык мейман үйлөрүн ачып, иштетүүнүн негизги максаты – жумуш орундарын түзүү экендигин да баса көрсөттү. КР Маданият, маалымат жана туризм минстринин орун басары А. Жаманкулов дүйнөлүк туризмдин экологиялык жана экономикалык маанилүү жагдайларына токтолуу менен, Баткен облусунда гүлдөгөн айгүл гүлү бүгүн Кыргызстандын брендине айлангандыгын белгиледи жана өрүк гүлдөгөн маалда жапондордун сакурасындай чоӊ улуттук майрамга, брендге айлантуу керектигин сунуштады. Баткен облусунун администрациясынын социалдык бөлүмүнүн туризм боюнча жооптуу кызматкери Н.А.Абдуллаев аймактын тарыхый жана маданий туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. «Юнисон групп» коомдук фондунун президенти Н.Абдрасулованын мейманкана бизнесинде ресурстарды жана энергияны үнөмдөө жолдору, имараттарды жылуулоонун үй бүлөөнүн гана эмес, экономикалык, экологиялык өнүгүү үчүн маанилүүлүгү боюнча маалыматы катышуучулардын кызыгуусун арттырды. Жамааттарга негизделген «Хоспиталити Кыргызстан» Кыргыз Туризм Ассоциациясынын жетекчиси М.Өзүбеков жана Баткен шаарындагы “Алтын Бешик” мейманканасынын жетекчиси Г.Жолболдуевалар конок үйлөрүн уюштуруу, талап кылынуучу сервистик минимумдарды камсыз кылуу жаатындагы тиешелүү иш аракеттер менен бөлүшүштү. Ошондой эле “Бай түшүм” банкынын Баткен областтык филиалынын директору Б.Мадалиев туризмди өнүктүрүүдөгү финансылык инструменттер тууралуу кенен айтып берди. Ал эми “Банк Компаньон” ЖАКнун Кадамжай филиалынын директору И.Закиров ишкер аялдар үчүн туристтик бизнести өнүктүрүүгө болгон финанасылык мүмкүнчүлүктөрдү кеӊейтүү маселелерине токтолду.