«Маданий иш-чараларды уюштуруу: интернет-технологияларды пайдалануу» семинары көркөм өнөрдүн жана маданияттын ар кандай чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн чогултту
April 20, 2017, 06:00Семинар боюнча пост-релиз Маданий иш-чараларды уюштуруу: интернет-технологияларды пайдалануу 2017-жылдын 15-17-апрели Семинар Бишкекти жана Кыргызстандын региондорун билдирген көркөм өнөрдүн жана маданияттын ар кыл чөйрөлөрүнөн 50дөн ашык адамды чогултту. Социалдык жана экономикалык илимдер университетинен (Теодор Шанин университети) келген эксперттер даярдаган семинардын программасы угуучуларга акысыз платформаларда сайттарды түзүү үчүн интернет технологиялардын спектрин, социалдык тармактардан беттерди түзүү боюнча ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү жана бюджети чакан же бюджети жок маданий иш-чараларды алга илгерилетүү ыкмаларын сунуш кылды. Сайтка кирүүгө эмне таасир этет, маданий ивенттин ийгиликтүүлүгү үчүн кандай факторлор маанилүү, көбүрөөк камтуу үчүн эмнени эске алуу керек – ушулардын бардыгы семинарда каралды. Теория топтордогу практикалык иш менен бекемделди. Семинар «Азыркы көркөм өнөрдөгү айымдар – балдарга» долбоорунун алкагында Швейцариянын Элчилигинин колдоосу менен өткөрүлдү. Уюмдун өзү, алдыдагы иш-чаралар жөнүндө маалымат жайгаша турган сайт, окуялардын календары жок болгон учурда аудитория менен иштөөгө заманбап ыкмалардын жоктугу көптөгөн маданият уюмдарынын көйгөйү болуп калууда. Компьютердин жана интернеттин жоктугуна шылтоону көйгөй деп айтууга болбойт. Маалыматты жайгаштыруу жөнүндө маселени ар кандай андроидде жеткиликтүү болгон социалдык тармактардагы беттер аркылуу чечүүгө болот. Катышуучулар белгилегендей, бул семинар аудитория жагындагы коммуникациянын мүмкүнчүлүктөрүнө жаңыча кароого мүмкүндүк берди, маданий окуяларды уюштурууда чыгармачыл ыкмага түрткү берди. Семинардын программасы ЖМК менен иштөөдө жана демөөрчүлөр, донорлор менен иштөөдө долбоорлордун жана маданий иш-чаралардын ишинин жана презентацияларынын маселелерин камтыды. Пресс-релиздерди жазуунун, видео жана фото материалдарды даярдоонун нюанстарын камтыды. Семинардын программасы маданий уюмдардын – музейлердин, театрлардын, айрым артисттердин, чыгармачыл уюмдардын ишин уюштуруу үчүн интернет-технологияларды пайдалануунун эбегейсиз зор, иш жүзүндө чексиз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү. Акысыз сайттарды, коллекцияларды, фото жана видео материалдарды сактоо үчүн жерлерди түзүүгө өбөлгөлөр, домен, хостинг түшүнүктөрү, дүйнөнүн маданий мекемелеринин сайттарынын мыкты мисалдары. Семинардын катышуучуларына өзүнүн кайрылуусунда КР экс-Президенти Р.И. Отунбаева мындай деп белгиледи: «Азыркы учурда маданият жана көркөм өнөр чөйрөсү ишке ашыруу үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдү берет, көп сандаган жумуш орундарын жана акча табуу мүмкүнчүлүгүн берет. Дал туризм менен маданият – булар өлкөнүн өнүгүшүнүн эки башкы пункту. Андыктан ушул тармакта эмгектенгендердин бардыгы биригүүгө, көбүрөөк жаңы жана кызыктуу, талап кылынуучу формаларды жана продуктуларды түзүүгө, маданий иш-чаралар жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга тийиш. Ушул жаңы маданий жана туристтик продуктуларга интернет, социалдык тармактар, сайттар аркылуу жеткиликтүүлүктү уюштуруу керек.» Семинардын эскперттик тобу жөнүндө маалымат Лукинова Ольга Владимировна, Москвадагы социалдык жана экономикалык илимдердин жогорку мектебинин маркетинг жана маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси, РАНХиГС Коомдук илимдер институтунун коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн жетекчиси, "МАССОЛИТ" Нижегород региондук коомдук маданий-агартуу уюмунун башкармалыгынын төрагасы, Маданияттын менеджерлер ассоциациясынын мүчөсү. Филолог, Лобачевский атындагы Нижегород мамлекеттик университетин жана Москвадагы социалдык жана экономикалык илимдердин жогорку мектебин бүтүргөн. Манчестер университетинин магистринин даражасы бар Master of Arts in Cultural Management. Жекече бети http://www.msses.ru/alumni/graduates/455/ e-mail msses.communication@gmail.com Артамонов Александр Алексеевич, «Музейные решения» чыгармачыл тобунун эксперти. «Эсептөө машиналары, комплекстер, системалар жана тармактар» адистиги боюнча инженер-системотехник (1991), Master of Atrs in Cultural Management (Манчестер университети, Улуу Британия, Москвадагы социалдык жана экономикалык илимдердин жогорку мектеби, Москва, 2002), «Музейлердин ишин автоматташтыруу жана маалыматтык технологиялар» коммерциялык эмес өнөктөштүктүн президиумунун мүчөсү, Россиянын (анын ичинде «Новые музеи для Сибири» программасы) жана Борбордук Азиянын музейлери үчүн көп сандаган тренингдердин жана семинарлардын автору жана алып баруучусу («MuseumStan» долбоору). Жекече бети: http://museumsolutions.ru/ru/about/aartamonov