«Барокконун генийи» «Балдар филармониясында»
April 16, 2017, 06:0014-апрелде «Балдар филармониясынын» онунчу концерти өттү. Концерттин темасы барокко доору жана барокко музыкалык стили болду. Концертти алып баруучу – Алтынай Абетекова XVI кылымдагы – XVIII кылымдын башталышындагы эң сонун доор жөнүндө айтып берди. «Барокко» термини итальян тилинен укмуштуу, таң калычтуу деп которулат. Барокко музыкасы эң чебер аткаруучулар жана музыканттар үчүн жазылган, ошондуктан ал кездеги музыкалык чыгармалар биздин мезгилде да аткаруунун жана музыкалык чеберчиликтин туу чокусу бойдон калууда. Барокко доорунда гений композиторлор – Иоганн Себастьян Бах, Георг Фридрих Гендель – экөө тең Германиядан, венециялык Антонио Вивальди жана башка айрымдары чыгармаларын жараткан. Концерттин программасы жаш угармандарды ушул композиторлордун бир нече чыгармалары, алар жашап жана чыгармаларын жазган мезгил, алардын турмушундагы эң кызыктуу фактылар менен тааныштырды. Жаш угармандар эмне үчүн клавиатурада айрым клавишалар кара, ал эми башкалары ак экенин жана бул ойлоп табуунун автору ким экенин жана органдан – эң чоң музыкалык аспаптан үн кантип чыгаарын билип алды. Алар Георг Ф. Генделдин эң мыкты арияларынын бири “Lascia ch’io pianga” Кыргызстандын эң сонун сопраносунун биринин ээси Марина Шипулинанын аткаруусунда, Антонио Вивальдинин баяндагы «Жыл мезгилдеринен» «Жаз» чыгармасын жана ошол эле чыгармадан «Кышты» струналык квартеттин аткаруусунда, бирок азыркы иштетилишинде укту. Абдан кунт коюп уккан угуармандар байге – кыргыз тилиндеги «Менин досторума мейманга» китебин алды. Концерт ушундай абдан таанып-билүүчү жана кызыктуу болду. Кийинки концерт 13-майда өтөт жана ал мындан да кызыктуу жана таанып-билүүчү болот. Келгиле!