«Жакшы сөз айткым келет» кечеси Улуттук филармонияда өттү
April 15, 2017, 06:0014-апрелде Кыргызстандын Эл акыны Гүлсайра Момунованын поэзия кечеси өттү. Кеченин «Жакшы сөз айткым келет» деген темасы акындын чыгармачылыгын чагылдырып турат. Өлкөгө жана адамдардын тагдырына, Мекенди сүйүүгө, энелерге, балдарга арналган ырлар, эрте мезгилдеги сүйүү лирикасы жашоону ырастаган, жакшы маанайды тартуулайт. Акындын кыйла көптөгөн ырлары обондуу ырларга айланды жана көпчүлүк адамдар сүйүктүү ырдан тигил же бул сөздөрдү кайталап ырдап жатып алардын автору Гүлсайра Момунова экенин билбей да калат. Ошондуктан болсо керек, бул кечте зал толуп турду – Гүлсайра Момунованы аздектегендердин арасында улгайган курактагы адамдар да жана жап жаш адамдар да бар. Ырлардын саптары бардыгынын жүрөгүнөн түнөк тапкан. Анын “Мейли тагдыр” деген белгилүү обондуу ырга айланган ырларынын бири мындай: