logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» эми «Оlolohaus’та»

March 16, 2017, 06:00

Бүгүн «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында биринчи акция «Оlolohaus» менен өнөктөштүктө өттү. Жапжаш, бирок Кыргызстанда белгилүү болуп калган, «Апамды издеп» ("В поисках мамы") укмуштуу окуялуу комедиясында башкы ролду аткаруучу актёр Азамат Уланов бүгүн акцияга келген бардык балдар үчүн үн чыгарып китеп окуп берди. 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар жылдызды кунт коюп угуп гана тим болбостон, ошондой эле уккандарын талкуулоого канааттануу менен катышты.   Сиздин балаңыз китеп окуганды жакшы көрүшүн каалайсызбы? «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун жолугушууларына келиңиз, ал жерде жылдыздар Сиздин балаңыз үчүн кызыктуу китептерди окуп берет.   Жан-дүйнөңдү ээлеп алган укмуштар жөнүндө жаңы окуялар, окулган китеп жөнүндө жаңы достор менен пикир бөлүшүү мүмкүнчүлүгү, жылдыз менен баарлашуу – эми ушунун бардыгы «Оlolohaus’та».   Силердин балдар үчүн жакынкы учурда китеп окуп бере турган жаңы меймандарыбыз Юлия Руцкая, Салтанат Саматова, Кайрат Примбердиев, Анжелика болот.   Анонсторго көз салууну унутпагыла. Кийинки жолугушуу 30-мартта «Оlolohaus’та» төмөнкү даректе болот: Ибраимов көчөсү 103, Victory бизнес-борбору, 3-кабат

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram