Ишембиде жаш бишкектиктер үчүн жез үйлөмө аспаптар жаңырды
February 21, 2017, 06:00«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду көп санадаган өтүнүчтөр боюнча, «Балдар филармониясы» программасынын алкагында жаш бишкектиктер жана алардын ата-энелери үчүн «Үйлөмө аспаптардын парады» концерт-презентациясын уюштурду. Концерттен кийин биздин дарекке көрүүчүлөрдөн төмөнкүдөй бир нече үн кошуулар келип түштү: Алтынай Козубекова: «Бүгүн биз уулум экөөбүз үйлөмө аспаптардын парадында болдук! 3,5 жаштагы наристе абдан кубанычта болду! Мен да кыйла кубанычта болдум! Жакшы ойлонулган программа – музыкалык аспаптар, композиторлор жөнүндө маалыматтардын айкалышы, кыскача тарыхый маалымдамалар, аларга кошумча визуалдык фон, залдагы балдар менен интерактив! Эң башкысы – таланттуу музыканттар жана дирижер! Балдарга жана чоң кишилерге ишембидеги ушундай белек үчүн зор ыракмат! Уюштуруучулар жана оркестр, азамат!» Банур Абдиева: «Балдар менен чоң кишилердин жүзүнө көз жүгүртүп, алардын көздөрүн жана жылмаюуларын, нурланууларын жана терең кызыгуусун көрдүм. Муну өлкөнүн шаарларынын жана айыцлдарынын көчөлөрүнөн, ал эми кээде үйлөрүбүздөн да көрүү мүмкүн эмес. Балдар өз смартфондорун тиктеп олтура бериши мүмкүн, аларга кала берсе биздин маегибиз жана жакын мамилелерибиз да ушунчалык күч-кубаттты жана жаңы билимдерди бере албайт. Балдар филармониясы – кайталангыс долбоор, ал балдарыбызга жана чоң кишилерге абадай керек! Өспүрүмдөр жана алардын ички дүйнөсү менен байланышкан коомдогу кемчиликтердин жана башка терс көрүнүштөрдүн алдын алуу мына ушул. Ыракмат, Роза Искаковна, ыракмат, Фонд!!!» Бул болсо жагымдуу кубулуш... өзүңөрдү Владимир Пархоменконун фотосүрөттөрдөн издегиле, аларды досторуңар менен бөлүшкүлө жана мартта боло турган биздин кийинки иш-чарага сөзсүз келгиле!