logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Бурулкан Карагулованын «Поэзия кечеси» толук аншлаг менен өттү

February 18, 2017, 06:00

Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын сахнасында Бурулкан Карагулованын «Поэзия кечеси» толук аншлаг менен өттү. Поэзия сүйүүчүлөр жума күнү ушунчалык көп чогулгандыктан, кечигип келгендер өткөөлдөрдө тикесинен тик турушуна туура кеди – анткени залда олтура турган орундар калган эмес. Бирок эч ким өкүттө калган жок – баары көрүнүп жана угулуп турду. Мектеп окуучуларынан тартып пенсионерлерге чейин ар кандай көрөрмандар келди. Ал эми кооз залда жаңырган ырлар арбап алды.   Кеченин көрүүчүлөрүнүн бири өзүнүн үн кошуусун калтырды, ал залда болуп жаткандардын бардыгын эң сонун чагылдырат. Айка Манатбекова мындай деп жазат: «Сиздин кечеңиз эң жакшы өттү, сиздин жүрөктөн чыккан ырларыңыз биздин жүрөгүбүздөн түнөк тапты. Сиздин курч саптарыңыз жана юморуңуз залды кубанычка толтурду. Залда орундар жоктугунан улам тикесинен тик турган көрүүчүлөр менин көздөрүмдү сүйүндүрүп турду. Бардыгы эң сонун болду! Менин кетким да келген жок, кече үчүн убакыт да өтө аз болгондой сезилди. Мен Сизге мындан ары да мыкты ырларды жазып элдин сыймыгы болушуңузду каалайм! Эже, Сизге чың ден соолук каалайм!»

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram