logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Борбордун мектептеринин мугалимдери «Климаттын өзгөрүшүнүн көйгөйү» жөнүндө РИО Конвенциясы (Рио-де-Жанейро) менен таанышты

February 14, 2017, 06:00

6- жана 10-февралда «Экология боюнча лекторийдин» лекцияларынын алкагында Бишкек шаарынын химия, биология жана география мугалимдери «Климаттык кутуча. Билим берүү процессине интеграциялоого карата мазмун жана методикалык ыкмалар» лекцияларын укту, алар №84 жана №13 мектептерде өттү.   Интерактивдүү лекциянын жүрүшүндө борбордогу мектептердин табигый илимдер боюнча 80ден ашык окутуучусу Рио-де-Жанейродо 1992-жылы «Жер саммитинде» кабыл алынган жана 1994-жылдын 21-мартында күчүнө кирген Климаттын өзгөрүшүнүн көйгөйү боюнча РИО Конвенциясы (Рио-де-Жанейро) жөнүндө жана конвенцияны Кыргызстандын билим берүү процессине интеграциялоого карата методикалык ыкмалар жөнүндө жана климаттын өзгөрүшүнүн көйгөйлөрү – анын жаратылышка жана адамга таасири жөнүндө, ошондой эле климаттын коркунучтуу өзгөрүүлөрүн четтетүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алды. Лекцияны эксперт-эколог Анна Кириленко өткөрдү.   Ошондой эле мугалимдер жаңы БИК – Балдардын илимий комплекси музейи менен таанышты. Кыргызстандагы биринчи илим жана техника музейи 2016-жылы балдар, шаардыктар жана борбордун меймандары үчүн ачылган.   Лекторийдин катышуучуларынын айтымы боюнча: «Лекциялар өтө пайдалуу, өзгөчө жаш окутуучулар үчүн пайдалуу, анткени алынган маалыматты сабактарда жана класстан тышкаркы сабактардын учурунда колдонууга болот».   Мугалимдер үчүн бул лекторий «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта уюштурулду.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram