«Көркөм өнөрдүн кварталы»: Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрынын көшөгөсүнүн артына экскурсия
January 7, 2017, 06:00«Көркөм өнөрдүн кварталы» программасынын алкагында Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрынын көшөгөсүнүн артына экскурсия болуп өттү, аны башкы оюн коюучу режиссер Нурлан Асанбеков өткөрдү. Бул күнү экскурсияга келген балдар жана алардын ата-энелери театрды «ич тарабынан» көрө алды. Алар үн режиссердун пультун көрдү, театрдын башкы сахнасынын астындагы жайларда болду, сахнадагы декорацияны алмаштырууга мүмкүндүк бере турган бардык механизмдерди жана рычагдарды, актер сахнада пайда боло ала турган жер астындагы лифтти, бардык жашыруун жайларды жана сахнанын астындагы өткөөлдөрдү көрө алды. Спектакль башталар алдында актерлорго грим жасалуучу грим бөлмөсүнө киришти жана чачтар менен париктер топоздун жүнүнөн жасалаарын, ал эми сүйлөгөн сөз так болушу үчүн сөзсүз түрдө сахна тилинин курсун бүтүрүү керектигин биле алышты. Кичи сахнада, камералык жагдайда, балдар режиссердун жетекчилиги астында «Руслан жана Людмила» поэмасынан үзүндүнүн кырдаалын түздү жана «Эмендин», «Окумуштуу мышыктын», «Токой дөөсүнүн», «Болуп көрбөгөн айбанаттардын», «Кепенин» жана «отуз баатырдын» ролдорун аткарды.