«Көркөм өнөрдүн кварталы»: Орус драма театрынын бутафория өнөрканасындагы мастер-класс
January 6, 2017, 06:00Балдар үчүн «Көркөм өнөрдүн кварталы» программасынын экинчи күнү Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын реставрациялоо өнөрканасында өттү. Театрдын реставратору Николай Жестовский мастер-класстын катышуучуларына – балдарга жана чоң кишилерге бутафория деген эмне экенин, сахнадагы декорациянын тигил же бул буюмдарын кандай материалдардан жасоого боло тургандыгын айтып берди. Кепеден тартып куралга чейинки бутафория буюмдары бар кенен өнөркана балдардын кызыгуусун жана бардыгын кармап көрүү жана кала берсе даамын татып көрүү ниетин пайда кылды. Николай Жестовский көлөмдүү жана чоң декорациялар кандай даярдалаарын жана өнөрканада жайгашкан механизмдер эмне үчүн керектигин түшүндүрдү. Жаш катышуучулар бир сааттан ашык убакыттын ичинде жыгачтын кесиндилеринен кутуларды жасады. Ал бардыгынын эле колунан келе берген жок, кимдир-бирөөнө чебердин же улуу кишинин жардамы керек болду, бирок процесс бардыгын чулгап алды.