Балдар үчүн жаңы интерактивдүү билим берүүчү «Көркөм өнөрдүн кварталы» долбоору ишке киргизилди
January 5, 2017, 06:00Кечээ, 4-январда, жаңы «Көркөм өнөрдүн кварталы» программасынын биринчи мастер-классы өттү, анда балдарга жана чоң кишилерге жаңы билим берүү-таанып-билүү форматтары: көркөм өнөрдүн ар кандай тармактарында иштеген кесипкөйлөрдөн квест-оюндар, экскурсиялар, мастер-класстар сунуш кылынат. «Көркөм өнөрдүн кварталы» программасында кышкы каникулдарда төрт иш-чара – Данакан Адашканованын өнөрканасындагы мастер-класс, Орус драма театрынын бутафория өнөрканасындагы мастер-класс болот, театрдын башкы оюн коюучу режиссеру Нурлан Асанбеков Орус драма театрынын көшөгөсүнүн артына экскурсия өткөрөт жана Леонардо да Винчинин живописи боюнча «Эмен сейил багы» Галереясында квест-оюн болот. Көркөм өнөргө эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Данакан Адашканованын студиясында мастер-класс өттү. Балдар чеберлердин ишин көрүп жана ар түрдүү жанрлар кантип аталаарын – - портреттер, натюрморттор, пейзаждар, деңиз пейзаждары (маринистика) билип, ага суроолорду берип, викторинанын суроолоруна жооп бере алды. Мисалы, канча негизги түс бар деген суроого ата-энелер жети түс бар деп жооп беришти, бирок алар үчөө – кызыл, сары жана көк. Ал эми калган түстөрдүн бардыгы ушул түстөрдү бири-бири менен аралаштыруу аркылуу алынат. Жашыл түс – бул көк менен сарынын, кызгылт көк түс кызыл менен көктүн аралашканы. Данакан Адашканова – ысымы көркөм музейине берилген кыргыздын биринчи живописчиси Гапар Айтиевдин окуучусу. Программа 6 жаштан тартып жана андан улуу курактагы балдарга сунушталат.