logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Нарын областынын Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунда мобилизациялык жолугушуулар болуп өттү

December 27, 2016, 06:00

2016-жылдын 12-декабрынан 24-декабрына чейин Нарын областынын Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунда мектеп тамак-ашынын мамлекеттик программасы, ошондой эле БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу боюнча программасын турмушка ашыруу; мектеп тамак-ашын өнүктүрүүгө жамааттардын (ата-энелердин, ЖӨБОнун) салымын жогорулатуу, ошондой эле мектеп тамак-ашын өнүктүрүү боюнча пландаштырууга жана аткарууга жамааттардын катышуусу жөнүндө жергиликтүү жамааттардын (анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын) маалымдар болушун жогорулатуу боюнча мобилизациялык жолугушуулар болуп өттү.   Мобилизациялык жолугушуулардын жүрүшүндө:   1. Жамааттар мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу боюнча программанын жүрүшү жана натыйжалары, пилоттук мектептерде мектеп тамак-ашынын жаңы моделдерин киргизүүнүн оң тажрыйбасы, мектеп тамак-ашын уюштурууга жамааттардын жана ЖӨБОнун катышуусунун тажрыйбасы жөнүндө маалымдар кылынды.   2. Мектеп тамак-ашын уюштурууга жамааттардын катышуусунун формалары талкууланды.   3. Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорунун 39 мектебинде мектеп тамак-ашын уюштуруунун жана өнүктүрүүнүн планы иштелип чыкты жана ар бир мектепте иш-чараларды аткаруунун максаттары, милдеттери, планы, күтүлгөн натыйжалар, ар бир катышуучунун ролу жана жоопкерчилиги, тамак-аштын сапатын контролдоо механизмдерин аткаруу мөөнөттөрү так аныкталды. Мектептерде тамак-аштын сапатын контролдоо механизмдери талкууланды жана кабыл алынды.   4. Мектептерде тамак-ашты жакшыртуу үчүн сунуштамалар иштелип чыкты жана ар бир мектеп үчүн мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнүн кол коюлган планында бекемделди.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram