logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Мектеп окуучулары үчүн «Менин жашыл досум» экоакциясын уюштурушту

December 26, 2016, 06:00

21-декабрдан 23-декабрга чейин Бишкекте «Менин жашыл досум» экоакциясы өттү. Ага №1 жана №71 жатак мектептерден, ошондой эле "Үмүт-Надежда" реабилитациялоо борборунан 230 тарбиялануучу катышты.   Экология жөнүндө роликтерди көрсөтүү жана интерактивдүү маектешүүнү жүргүзүү менен көңүлдүү презентацияны өткөргөндөн кийин ар бир катышуучу герань гүлүн туура отургузуп жана өзү менен кошо алып кете алды.   «Акция окуучуларга жана мугалимдерге абдан жагып калды, анткени эми алар өсүмдүктөрдүн өсүшүнүн жана кооз гүлдөр гүлдөшүнүн процессине өз көзү менен байкоо жүргүзүп, ошондой эле өзүнүн жашыл досун өз алдынча бага алат», - деп билдирди уюштуруучулар.   Бул акциянын максаты окуучуларда экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу, курчап турган чөйрөгө болгон сүйүүнү жана камкордукту арттыруу болуп саналат. Бул акция үчүн бөлмөдө өсүүчү өсүмдүк – герань тандап алынган. Бул бекеринен эмес, себеби анын көп пайдалуу касиеттери бар, анын ичинде ал абаны тазалайт, нервди тынчтандырат, уйкуну жакшыртат жана басымды төмөндөтөт. Мындан тышкары, герандын атыр жыттуу түрлөрү курт-кумурскаларды жана чымынды качырат.   Иш-чаралар «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында Кристенсен Фондунун колдоосу менен өткөрүлдү.   Эске сала кетсек, 2015-жылдын жазында «Менин жашыл досум» акциясы адистешкен үч – №22, 30, 34 мектептерде өткөрүлүп, ага 100дөн ашык тарбиялануучу катышкан.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram