Жаңы жыл майрамынын алдында «Кышкы жомок» концерт-презентациясы өттү
December 21, 2016, 06:00Жаңы жыл майрамынын жана Рождество майрамынын алдында «Кышкы жомок» концерт-презентациясы болуп өттү! Рождество Европанын, Американын, Түштүк Американын, Африканын көптөгөн өлкөлөрүндө жана Австралияда майрамдалат. Рождество майрамынын көптөгөн, анын ичинде музыкалык салттары бар. Бул музыкалык салттарды ар бирибизге тааныш болгон Нооруз майрамы менен салыштырууга болот, бул учурда балдар үйлөрдү кыдырып жана «жарамазан» (ар бир үй-бүлөгө жакшылык каалоолорду) айтат, ал үчүн белектерди алат. Концерт учурунда угуучулар дүйнө жүзүнө өтө белгилүү болгон рождестволук үч ыр жөнүндө уга алды. “I wish you a Merry Christmas” ыры Англияда 400 жыл мурда пайда болгон жана мааниси боюнча кыргыздардын «жарамазанына» окшош – бул майрам маарек болушун тилөө жана тамашалар, бул үчүн үй ээлери куттуктап жаткандарды фига пудинги менен сыйлоого тийиш, антпесе алар кетпей коет. Жаңы жылдагы бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон рождестволук башка ыр «Jingle bells» Америкада 159 жыл мурда чыгарылган. Куйругу кыркылган атка чегилген чанадагы коңгулоолор жөнүндө тамашалуу ырды бүткүл дүйнөдө ырдашат. Француздук рождестволук белгилүү "Les Anges dans nos campagnes" гимнин Францияда али 18-кылымда, башкача айтканда, үч жүз жыл мурда эле ырдап жүрүшкөн. Ырдын аталышы «Биз асмандагы Периштелердин үнүн уктук» деп которулат. 1862-жылы ыр англис тилине которулган – «Angels We Have Heard On High» жана азыр ал эң сүйүктүү жана белгилүү рождестволук жыңы жылдык ырлардын бири. Бирок дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө Жаңы жылды жана Рождествону майрамдоонун бирдей, жалпы салттары бар. Майрамга карата бүткүл өлкө жана ар бир үй-бүлө даярданат – көчөлөр, аянттар, үйлөр жана имараттар кооздолот. Булар үй-бүлөлүк майрамдар, бул учурда бүткүл үй-бүлө бир дасторконго чогулат, бул жыл кандай өткөнүн эскеришет жана кийинки жылга каалоолорду тилешет. Сиздерди алдыда келаткан майрамдарыңар менен куттуктайбыз жана жаңы 2017-жылда «Балдар филармониясы» долбоорунун алкагында биздин жолугушууларга чакырабыз!