Бурулкан Сарыгулованын «Жүрөктүн шыбыры» автордук поэзия кечеси өттү
December 17, 2016, 06:0016-декабрда Филармониянын кичи залында Бурулкан Сарыгулованын поэзия кечеси өттү. Кимдин-бирөө Бурулкан Сарыгулованы – журналист жана «Азаттыктын» башкы редактору катары, кимдир-бирөө – жүрөктү эргиткен лирикадан тартып адамдын тагдыры жөнүндө терең ойго салган ар кандай тема колунан келген таланттуу акын катары, кимдир-бирөө мыкты педагог катары билет. Ушул адамдардын бардыгы акын «Жүрөктүн шыбыры» деп атаган поэзия кечесине келди, алардын бардыгы автордун ой-жүгүртүүлөрүн кызыгуу менен угуп, бирге толкунданып жана андагы ар бир ырды, ар бир сапты башынан өткөрүп жатты. Кече аншлаг менен өттү, бирок, орундардын жоктугуна карабастан, угуучулар аягына чейин олтурду. Кыязы, поэзиянын күчү дал ушунда болсо керек – окурмандардын жүрөгүнөн жана акыл-эсинен түнөк табуу, ойлонуу үчүн түрткү берүү, эң тереңде жаткан сезимдерди ойготуу.