«Жайлоо бала бакчалары-өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында тажырыйба алмашуу боюнча Түркүяга болгон иш сапар жыйынтыкталды
November 24, 2016, 06:00“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Түрк дүйнөсү шаарлар бирлигинин колдоосу менен “Жайлоо бала бакчалары-өнүгүү борборлору”долбоорунун өрнөктүү өнөктөштөрүн, педагогдорун Туркиянын билим берүү системасы менен таанышуу, айрыкча айыл жериндеги кенже курактагы балдарды өнүктүрүү тажрыйбалары, инновациялык жетишкендиктери менен таанышуу максатында үстүбүздөгү жылдын 13-19-ноябрында Түркүя мамлекетине тажрыйба алмашуу программасын уюштурду. Делегациянын курамы мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, бала бакча, мектеп директорлору, педагогдору камтып, жалпы 11 адамдан түзүлдү. Бир жумага созулган программанын алкагында кыргызстандык делегация Стамбул жана Болу шаарларынын мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалары, балдарды өнүктүрүү борборлору, билим берүү бөлүмү, кайрымдуулук мектептери менен таанышып, тарыхый-маданий жерлерде болушту жана Түрк дүйнөсү шаарлар бирлигинин штаб квартирасында бирликтин Генералдык секретары Фахри Солах менен жолугушту. Программанын жүрүшүндө Болу шаарынын мэри Алааддин Ыйылмаз менен кыргыз делегациясынын жолугушуусу өзгөчө жылуу маанайда өттү. Жолугушууда Алааддин Ыйылмаз шаардын тарыхы жана келечеги тууралуу, ошондой эле Болу шаарынан чыккан акын “Көрөглу” атындагы ири паркты куруу долбоору менен тааныштырып, бул паркта түрк дүйнөсүнө кирген 16 өлкөнүн ар биринин маданиятын чагылдырууга атайын жер тилкеси бөлүнүп уюштурулаарын жана Кыргыз Республикасы да анын катарында бар экенин баса белгиледи. Түркиянын билим берүү программасындагы өзгөчө белгилей турган нерсе балдарды мекенчилдикке тарбиялоо бала бакчадан башталат, бул максатта иш чаралар системалуу өткөрүлүп турат. Бала бакчадагы балдар сүрөт тарткан мезгилде сөзсүз түрдө музыка коштоп турат. Бир жаштан баштап компетенттүүлүктү калыптандыруу боюнча тарбиялоо башталгандыгын, эки-үч жаштан баштап өз алдынчалыкка үйрөтүү, маселен, бакчада балдар өздөрүнүн идиштерин өздөрү жуушат, мөмө жемиштерди консервациялоого, элементардык турмуштук көндүмдөргө үйрөтүү практика жүзүндө атайын кааналарда жүргүзүлөт. Делегация мүчөлөрү программаны уюштуруучуларга - Фондго жана Түрк дүйнөсү шаарлар бирлигинин Генералдык секретары Фахри Солахка терең ыраазычылык билдиришип, “кыялдангандан да сонун бала бакчаларды” көргөндүктөрүн, бул иш сапар аларды өз иш аракеттеринде пайдаланууга зор мүмкүнчүлүктөр түзүп, жер-жерлерде семинар-презентация уюштуруп, тажырыйба жайылта тургандыктарын билдиришти.