Нарын жана Ош областтарынын мугалимдеринин Бишкек шаарынин билим берүүчү мекемелерине алмашуу визити болуп өттү
November 11, 2016, 06:002016-жылдын 2-ноябрынан 4-ноябрына чейин Нарын жана Ош областтарынын мугалимдеринин Бишкек шаарынын билим берүүчү мекемелерине алмашуу визити болуп өттү. №68, №69 гимназиялардын, ошондой эле №5 компьютердик гимназиянын иш тажрыйбасын үйрөнүү үчүн Нарын областынын Кочкор районундагы С.Өмүрбаев атындагы жана К.Мамбеталиев атындагы мектептеринин мугалимдери жана Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин алдындагы лицейдин жана балдар бакчасынын мугалимдери борбор шаарга келди. №68, №69 жана №5 гимназиялардын жамааттары региондордон келген өз кесиптештерин мээримдүү тосуп алышты жана мекеменин иши менен тааныштырды, окутуу методикасы, гимназиялардын программасына жаңы чет тилдерди киргизүү боюнча маалыматты бөлүштү. Гимназиялардын жетекчиликтери көзөмөлчү жана ата-энелер кеңештери менен иштөө, мектептердин имараттарынын абалын жакшыртуу жана техникалык жабдуу жагынан долбоорлорду түзүү боюнча иш тажрыйбасын бөлүштү. Белгилеп кетүү керек, шаардык гимназиялардын кабинеттеринин көп бөлүгү интерактивдүү доскалар менен жабылган, интернет өткөрүлгөн, бул мектеп окуучулары жаңы маалыматтарды өздөштүрүүсүн бир нече эсе тездетет, ошондой эле жакшыртат. Англис тилинен тышкары, бул жерде немец, француз жана кытай тилдерин тереңдетип үйрөнүшөт. Окуучулары «Кытай көпүрөсү» эл аралык конкурсунда бир нече жолу байгелүү орундарды ээлеген. Ага Хан Фондунун «Устат-Шакирт» долбоорунун колдоосу менен окуучуларда улуттук музыкалык аспаптарда ойноого үйрөнүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул гимназиялардын ар бири келип түшкөн акчалар жана аларды пайдалануу жөнүндө ай сайын кең-кесири отчет бере тургандыгын белгилебей коюуга болбойт, отчеттор экинчи кабатта илинип турат жана каалаган ар бир адамга жеткиликтүү. Гимназиялардын ар бир окутуучусунун предметтик портфолиосу да региондордон келген мугалимдер үчүн жаңылык болуп калды. Жаңылык жактырылды жана эске алынды. Визиттин жыйынтыктары боюнча окутуучулар Кочкор районунун мектептеринин жана ОшМУнун алдындагы лицейдин окуучуларына шаардык гимназиялардын материалдарын үйрөтүү, ошондой эле шаардык гимназиялардын окуучуларына айыл жериндеги адамдардын жашоосу жана турмуш-тиричилиги менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында окуучулардын өз ара визиттеринин мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Мейман делегациялар мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардын арасындагы Кыргыз элдик оюндарынын шаардык фестивалына катыша алды. Ошондой эле алар белгилүү публицист, журналист жана акын Алым Токтомушевдин эстелигине арналган кечеге катышты, ал жерде «Балдарга базарлык» китебинин презентациясы өттү. Визиттин жүрүшүндө ошондой эле мугалимдердин делегациясынын Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Р.И. Отунбаева менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун учурунда мугалимдер алардын алмашуу визиттерин уюштуруу боюнча демилгеси үчүн ыраазычылык айтышты, бул долбоор улантылат жана Фонд уюштурган маданий иш-чаралар өлкөнүн бардык региондорунда өткөрүлөт деген ниетин билдирди. Мугалимдердин алмашуу визити пилоттук долбоор болуп саналат жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жана Бишкек шаарынын Мэриясынын колдоосу менен өткөрүлдү.