Белгилүү публицист, акын жана жазуучу Алым Токтомушевди эскерүу иш чарасы болуп өттү
November 4, 2016, 06:002016-жылдын 3-ноябрында белгилүү публицист, акын жана жазуучу Алым Токтомушевди эскерүү кечеси жана анын “Балдарга базарлык” китебинин бет ачаары Кыргыз Улуттук Консерваториянын чоӊ залында болуп өттү. Кечеге өлкөнүн көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, журналисттер, акын, жазуучулар жана студенттер катышышты. Бул иш чара 7-ноябрь өлкөдөгү журналисттер майрамын - басма сөз жана маалымат күнүн утурлап “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Кечеге Кыргыз Республикасынын Экс-президенти Р.И.Отунбаева катышып, сөз сүйлөдү. Ал “Балдарга базарлык” китебинин балдар үчүн таанып-билүүчүлүк чоӊ маанисине токтолду. Аталган китептин мектеп окуучулары үчүн дүйнөлүк тарых баалуулуктарын үйрөнүүдө баа жеткис булак экендиги тууралуу педагогика илимдеринин кандидаты М.К.Иманкулов өз сөзүндө айтып берди. А.Токтомушевди анын калемдештери, замандаштары жана шакирттери – Шайлообек Дүйшеев, Эсенбай Нурушев, Айылчы Сарыбаев, Жаныш Кулмамбетов, Аскер Сакыбаева, Олжобай Шакир ж.б. эскеришти. Кечени КР Эл акыны Шайлообек Дуйшеев алып барды Акындын сөзүнө жазылган “Көл түнү” ырын белгилүү композитор жана аткаруучу Исрадин Аманбаев аткарып берди. Андан тышкары К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториянын жана Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин студенттери тарабынан даярдалган музыкалык номерлер кечеге келгендерге тартууланды.