Ысык-Көлдүн жээгинде «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору - 2016» республикалык конференциясы өттү
November 2, 2016, 06:0028-29-октябрда Ысык-Көлдүн жээгинде “Кыргызское взморье” санаторийинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун алкагында Республикалык конференция болуп өттү. Конференция Улуу Британиянын Бишкектеги Элчилигинин колдоосу менен, Ага Хан фонду менен кызматташтыкта өттү. Республикалык конференцияга 170ке жакын катышуучу: республиканын бардык булуң-бурчтарынан жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун уюштуруучулар, райондук жана айылдык округдардын башчылары, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, балдар бакчаларынын башчылары, педагогдор, медициналык мекемелердин өкүлдөрү жана жайыт комитеттеринин өкүлдөрү катышты. Конференциянын ачылышында Кыргыз Республикасынын экс-Президенти жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу Р.И. Отунбаева саламдашуу менен сөз сүйлөдү. Андан соң АРИСтин долбоорунун координатору А.Акматалиев жана Кыргызстандын жайыт пайдалануучуларынын “Кыргыз жайыты” коомунун директору А.Эгембердиев сөз сүйлөдү. Конференциянын программасы 5 секциядан турду. Биринчи секцияда «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун координатору Асылбек Жоодонбеков долбоордун ийгиликтери, демилгелери, тажрыйбасы, жетишкендиктери жана келечектери жөнүндө айтып берди. Андан соң алда канча ийгиликтүү өнүктүрүү борборлору өз презентацияларын сунуш кылды. Конференциянын экинчи секциясында жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунда иштин сапатын жогорулатуу, окутуунун маңызын жана методикасын жакшыртуу маселелери талкууланды. Презентаторлор балдарды окутуунун жаңы методикалары жана борбордун ишинин сапатын жогорулатуу маселелери жөнүндө айтып берди. Конференциянын үчүнчү бөлүгүндө жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун туруктуулугун камсыз кылуу жана алардын иштеши үчүн финансылоо булактарын табуу жөнүндө маселе козголду. Сөз сүйлөгөндөр өнүктүрүү борборлорунун туруктуулугун камсыз кылуунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеп кылды. Конференциянын төртүнчү секциясы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун долбоорлоруна арналды. Фонддун бардык кызматкерлери, анын ичинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын Аткаруучу директору Фонддун иши тууралуу жана маданият менен билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган өз долбоорлору жөнүндө айтып берди. Бешинчи секцияда медициналык мекемелердин өкүлдөрү жайлоодогу өнүктүрүү борборлорундагы өз иши жөнүндө жана жетүүгө кыйын болгон тоолуу аймактарда медициналык кароону жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн тууралуу айтып беришти. Бардыгы болуп 25 кызыктуу презентация сунуш кылынды, алар конференциянын катышуучулары тарабынан кызыгуу менен кабыл алынды. Жайлоодогу балдар бакчаларын уюштурууга жигердүү катышкан жана балдарды ар тараптан өнүктүрүүгө өз салымын кошкон 10 тарбиячы, активист Түркияга жолдомо алды. Алардын көпчүлүгү али эч качан чет өлкөдө болгон эмес. «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ аларга ушундай мүмкүнчүлүк бергенине кубанычта. Долбоордун калган жигердүү катышуучуларына Ыраазычылык каттары тапшырылды. Санаторийдин кинотеатрында катышуучуларга «Манастын алдын ала сезиши» (“Предчувствие Манаса”) фильми көрсөтүлдү, ошондой эле конференциянын тыныгууларынын учурунда “Макал Арт” продюсердик борборунун кыргыз эл макалдарынын жана ылакаптарынын мотивдери боюнча тартылган фильмдери сунуш кылынды. Конференциянын тыныгууларында жаш акындар Бердибек Жамгырчиев менен Акбар Кубанычбеков өз чыгармаларын аткарып берди. Программа боюнча Республикалык конференциянын экинчи күнү маданий программага бөлүнгөн. Конференциянын катышуучулары “Кыргызское взморье” санаторийинен Көчмөндөр оюндары үчүн курулган ДДКга (дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексине) жол тартты жана бул мекеменин иши менен таанышты. Андан соң катышуучулар Ипподромго барды, ал жерде “Салбуурун” оюну (кыргыз элинин аңчылыгынын улуттук түрлөрү) жана “Салбуурун” Федерациясынан жаа менен атуу боюнча мастер-класстар көрсөтүлдү. Андан кийин бул топ Чолпон-Ата шаарындагы музейге барды жана музейдин экспонаттары менен таанышты. Андан ары катышуучуларды Осмонов атындагы мектеп-комплексте концерттик программа менен тосуп алышты, ошондой эле катышуучулар Чолпон-Ата шаарындагы Герман Гмайнер Балдар айылында турган балдар бакчасына барды. Бардык катышуучулар Санаторийге кайтып келди жана түштөн кийин биз бардык катышуучулар менен кош айтыштык. Маалымат үчүн: 2014-жылы Фонд «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорун демилгелеген. Үч жылдын ичинде тоолуу райондордо жашаган малчылардын 6000ден ашык балдарын ар тараптан өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү. 2014-жылы Республиканын региондорунда - 35, 2015-жылы – 87, ал эми 2016-жылы - 117 Жайлоодогу өнүктүрүү борбору ачылды. Конференцияны өткөрүү Улуу Британиянын Бишкектеги Элчилигинин финансылык колдоосу менен, Ага Хан фонду менен кызматташтыкта «Кыргызстандын жана Тажикстандын жаратылыш ресурстарын башкаруунун туруктуулугун жана натыйжалуулугун жакшыртуу» долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылып жатат. Кошумча маалымат үчүн төмөнкү телефон боюнча кайрылыңыздар: 0556549154, 0771 38 85 96