«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени Баткен, Ош жана Жалал-Абад областтарында болду
November 1, 2016, 06:002016-жылдын 20-октябрынан 27-октябрына чейин «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени Баткен, Ош жана Жалал-Абад областтарында болду. Кербендин меймандары КР ЖК депутаты Карамат Орозова, акын, алып баруучу, «Бактынур» продюсердик борборунун жетекчиси Нуркан Койчуманова жана КР маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, Ош шаарындагы №1 музыкалык мектептин директору Инабат Эшбаева болду, алар балдарга С.Жусуевдин «Тоо жанырткан чагылган» жана Д.Кендирбаеванын «Ынтымак сыры» китептерин окуп берди. 20-октябрдан 23-октябрга чейин иш-чаралар Баткен областында Б.Байназаров атындагы жана О.Абдырахманов атындагы мектептерде өттү. 24- жана 25-октябрда акция Жалал-Абад областында М.Губкин атындагы жана А.С.Макаренко атындагы билим берүү мекемелеринин базасында өттү. Ош областында кербен 26-октябрдан 27-октябрга чейин Ж.Абдырасулов атындагы жана Б.Бегиев атындагы мектептерде өттү. Бул мектептердеги балдар өтө жигердүү жана кунт койгон угуучулар болуп чыкты. Окуучулар маалыматтарды дароо илип алып жана өздөрү уккан аңгемелерди жана ырларды кайра эркин айтып бере алганын белгилеп кетүү маанилүү. Өз тарабынан болсо, балдар ырларды окуп берди, ыр ырдашты, жомокторду көрсөттү. Кербендин жаш катышуучулары мындай акцияларды тез-тез өткөрүп турууну өтүндү жана мындан ары китепти көп окуйбуз жана уккандарыбызды сөзсүз түрдө өз досторубуз менен бөлүшөбүз деп ишендиришти. «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы балдарга үн чыгарып китеп окуу зарылчылыгына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өткөрүлөт. Китепти үн чыгарып окуу үндү кабылдоо жөндөмдөрүн жакшыртат, лексиканы жана грамматиканы түшүнүүнү жеңилдетет. Ошондой эле китепти көп окуган жана мындан канааттанууну алган балдар мектепте сабакты алда канча жакшы окуйт. Бирге олтуруп китеп окуу балдарда дүйнөгө карата адептик мамилени калыптандырат. Китептердин каармандары ар түрдүү аракеттерди жасайт, татаал кырдаалдарга туш келет, чечимдерди кабыл алат – ушулардын бардыгын бала ата-энелер менен талкуулайт, мында жакшылык жана жамандык, достук жана чыккынчылык, боорукердик, парз, ар-намыс жөнүндө түшүнүктү калыптандырат. «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын биргелешкен демилгеси менен «Мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат.