Бишкекте живопистин жана графиканын «ТАНДАЛМАЛАР...» көргөзмөсү ачылды
October 19, 2016, 06:00Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде автор Наталья Копеловичтин живопистин жана графиканын «ТАНДАЛМАЛАР...» көргөзмөсү ачылды. Иш-чарага КР экс-Президенти Роза Отунбаева барды, ал сүрөтчүнүн чыгармачылыгын аздектээрин жана аны мансабынын эң башталышынан тартып колдоорун айтты. «Мен Наталья Копеловичти абдан жактырам, биздин көркөм өнөрүбүздө бул өтө байкаларлык кубулуш, бирок анын карапайымдыгы анын көркөм өнөрүн дайыма кеңири көрүүчүлөрдүн көз жаздымында калтырат. Анын сүрөттөрү менен ар кандай өлкө сыймыктанмак деп ойлойм. Ал заманга бап, бул түстү эң жакшы сезген сүрөтчү, ал бардык нюанстарды билет, анын натюрморттору өзгөчө сонун. Биздин көркөм өнөрүбүздүн айымдар бөлүгү күчтүү, мен ар бир кыз, ар бир аял тилеген максатын ишке ашырууга тийиш деп ишенем жана Наталья Петровна муну өзүнүн мисалы менен көрсөтүп жатат. Ал менин жашоомду кооздоп турат. Шаарда эң сонун окуялар өтүп жатат, аларга баргыла жана ыракат алгыла. Булардын бардыгы Парижде же Лондондо гана бар деп ойлобогула», − деп айтты Отунбаева.» Наталья Копелович көргөзмөнү өзүнүн чыгармачылык ишинин 40 жылдыгына жана Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзуна киришинин 20 жылдыгына арнады. Ал меймандарга өзүнүн 90 тандалма ишин сунуш кылды, аларды ал өзүнүн жашоосундагы учурлар менен байланыштырат.