logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Борбордун балдар бакчалары кыргыз элдик оюндарынын райондук конкурсуна катышты

October 18, 2016, 06:00

Өткөн дүйшөмбүдө (17-октябрда) Тарых жана маданият жылынын алкагында борбордун 84 балдар бакчасында (мектепке чейинки билим берүү уюмдарында) Кыргыз элдик оюндарынын фестивалынын райондук туру өттү. Конкурс төмөнкүдөй номинациялар боюнча өткөрүлдү. • Кыймылдуу оюндар; • Интеллектуалдык оюндар; • Манжалардын оюндары (моториканы өнүктүрүүгө).   Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдары номинациялар боюнча оюндарды өз алдынча тандады жана 4-6 жаштагы балдардын конкурсунда улуттук костюмдарды сунуш кылды.   Райондук конкурста байгелүү (I, II жана III) орундарды ээлеген жеңүүчүлөр шаардык тандоо туруна катышат, анын жыйынтыктары 2016-жылдын 3-ноябрында «Сейтек» Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда чыгарылат.   Бул иш-чаранын максаты кыргыз элинин салттуу билимдерин жана маданий-тарыхый мурасын пропагандалоо, элдик оюндарды үйрөнүү аркылуу балдарды кыргыз элинин маданиятына аралаштыруу болуп саналат.   Кыргыз элдик оюндарынын фестивалынын уюштуруучулары Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду болуп эсептелет.    Кыргыз элдик оюндарынын фестивалынын жобосу >>>

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram