КР Экс-президенти Р.И.Отунбаева Эмен паркындагы иш-чарага катышты
October 11, 2016, 06:00Кыргыз Республикасынын Экс-президенти Р.И.Отунбаева 2016-жылдын 5-октябрь күнү Бишкек шаарынын Эмен паркында жайгашкан Ачык асман алдындагы музейде болуп өткөн жаӊы скульптуралардын ачылуу иш-чарасына катышты. Бул жаӊы 14 скульптура Маданият, тарых жана тил жылына карата Улуттук Сүрөт Академиясы уюштурган эки айга созулган республикалык симпозиумдун алкагында аталган окуу жайдын чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалган. Алар кыргыз маданиятын жана тарыхын түптөөдө баа жеткис салым кошкон С.Каралаевдин, Кожомкул баатырдын Калыгул ойчулдун, Т.Сатылгановдун, Курманжан датканын, Биринчи мугалимдин ж.б.инсандардын жаркын элестерине арналган. Аталган салтанатка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Т.Казаков, Улуттук Сүрөт Академиясынын президенти, Кыргыз Республикасынын Баатыры Т.Садыков да катышты. Белгилей кетсек, Эмен багындагы Ачык асман алдындагы музей 1984-жылы ачылган. Ошол мезгилде Кыргыз Республикасынын Экс-президенти Р.И.Отунбаева Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын шаардык комитетинин катчысы болуп иштеп турган жана аталган музейдин уюштурулушуна өзүнүн түздөн-түз көмөгүн көрсөткөн. Андан бери 32 жыл ичинде 25 ирет ушундай симпозиумдар болуп өткөн. Музей көп жылдан бери кыргызстандыктар үчүн маданий дөөлөттөрдүн бири катары жаштардын мекенчилдик жана эстетикалык сезимдерин калыптандырууда чоң мааниге ээ болуп келе жатат.