Бишкекте Дүйнөлүк ар жылдагы аялдар экономикалык Форумунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
July 28, 2016, 06:00«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргызстандын Индиядагы элчилиги менен бирдикте 27-июлда Индиядан келген меймандар – доктор Харбин Арора жана доктор Виней Рай менен жолугушууну уюштурду. Жолугушууга жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, ишкер айымдар, өкмөттүк эмес уюмдар жана жарандык коом катышты. Кыргызстандын экс-Президенти, Эл аралык коомдук фонддун уюштуруучусу Роза Отунбаева жолугушуунун меймандарына Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелер, ошондой эле Индия көп маданияттуу өнүгүп келаткан өлкө болуп саналаары, ал жактан көп нерселерди үйрөнүүгө болоору жөнүндө айтып берди. Доктор Харбин Арора жана доктор Виней Рай Дүйнөлүк ар жылдагы аялдар экономикалык Форумунун атынан иш алып барды жана Нью-Делиде (Индия) өткөрүлүүчү бул Форум аялдардын көйгөйлөрүнүн, саламаттык сактоонун, үй-бүлөнүн, билим берүүнүн, ишкерликтин жана социалдык коргоонун бардык аспекттерин талкуулоо үчүн жыл сайын бүткүл дүйнөдөн аялдардын 1200дөн ашык өкүлдөрүн чогултат. Ошондой эле жолугушууда Харбин Арора чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн Discovery Kyrgyzstan программасын ишке киргизүүнү пландаштыруу жөнүндө оюн бөлүштү.