Бишкек шаарындагы маданий мурасты калыбына келтирүү боюнча көргөзмө
July 25, 2016, 06:002016-жылдын 20-июлунда Бишкек шаарында Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Өткөндөрдү коргоп – келечекти шыктандырып» деген аталыштагы көргөзмөнүн ачылыш аземи болуп өттү. Ага Хандын Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү боюнча уюмунун Өкүлчүлүгү жана Ага Хандын Маданият боюнча трасты (AKTC) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ менен кызматташтыкта уюштурган көргөзмө ар түрдүү маданий контексттерде жана ар кыл географиялык райондордо Ага Хандын Маданият боюнча трасты тарыхый шаарлар үчүн ишке ашырган негизги маданий реставрациялык долбоорлорду көрсөтүп турат. Аземге белгилүү илимпоздор, мамлекеттик органдардын, дипломатиялык корпустун жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. «Мен Кыргызстандагы маданий мурасты калыбына келтирүү боюнча көргөзмөнү биргелешип өткөргөндүгү үчүн Ага Хандын Өнүктүрүү боюнча уюмуна ыраазычылык билдирем. Бүткүл өлкө боюнча ар кандай региондордо да өтө турган көргөзмө маданий мурас социалдык-экономикалык өнүгүүгө кандай көмөктөшөөрүн айгинелеп турат. Мен Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн маданият тармагындагы адистеринин өкүлчүлүктүү тобун көргөнүмө өзгөчө кубанычтамын, ошондуктан бүгүнкү иш-чара жана ушул темада эртең өтө турган семинар аларга бардыгыбыз үчүн өзгөчө маанини билдирген маселелер боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн берет», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева. Көргөзмө тарыхый жерлерге жакын жайгашкан жамааттардын турмушунун сапатын жакшыртуу, ошондой эле шаардык мейкиндиктерди өнүктүрүүгө жаңы дем берүү жана маданий дөөлөттөрдү сактоо жана калыбына келтирүү аркылуу көп түрдүүлүктү урматтоону чыңдоо боюнча иштерди көрсөтүп турат. Көргөзмөнүн панелдери ошондой эле жетилгендиктин жаңы стандарттарын белгилеген долбоорлор боюнча үч жылда бир жолу берилүүчү Ага Хандын Архитектура жагындагы сыйлыгы менен сыйлоо боюнча 2016-жылы финалга өткөн 19 долбоорду өзүнө камтыйт. «Министрлик Президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылды Кыргыз Республикасында Маданият жана тарых жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыгында баяндалган максаттарды эске алып, бул көргөзмөнү Ага Хандын Өнүктүрүү боюнча уюму менен кызматташтыкта өткөрүп жатканына кубанычта», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетов мырза. Өзүнүн саламдашуу сөзүндө Ага Хандын Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү боюнча уюмунун Дипломатиялык өкүлү Шамш Кассим-Лакха мырза мындай деп белгиледи: «Көргөзмө негизинен архитектуралык объекттерди көрсөтүп жаткан учурда, мен бул жерде, Кыргызстанда, Ага Хандын музыкалык чыгармачылык жагындагы Демилгеси өзүнүн Бишкектеги узак мөөнөттүү өнөгү, Устат-Шакирт Борбору аркылуу башталгыч мектептердин дээрлик 6000 окуучусун салттуу музыкалык аспаптарда ойноону үйрөткөнүнө өтө кубанычтамын». Саламдашуу сөзүнөн кийин AKTCтин башкы менеджери Луис Монреаль мырза конкреттүү, анын ичинде Траст турмушка ашырган, маданий мурастын объекттери экономикалык актив болгон долбоорлордун презентациясы менен сөз сүйлөдү. Мисалдардын тизмесине Афганистандын Кабул шаарындагы Бабурдун бакчасы жана Египеттин Каир шаарындагы Аль-Азхар паркы кирди. Көргөзмө менен бирдикте 21-июлда Бишкек шаарында семинар уюштурулду, ал ар кыл таламдаш жактарга маданий активдер, атап айтканда, Борбордук Азияда жайгашкан активдер тарыхый ажайып жерлерди сактоо жолу менен коңшу жамааттарга кантип кыйла пайда алып келе тургандыгын иликтөөгө мүмкүндүк берет. Бул тармактагы бир катар көрүнүктүү адистер, анын ичинде Париждеги Лувр музейинин мурдагы президент-директору Анри Луарет мырза, Санкт-Петербургдагы Мамлекеттик Эрмитаждан келген д-р Павел Лурье жана Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери Бакыт Аманбаева айым өз тажрыйбасын жана билимдерин семинардын катышуучулары менен бөлүшөт. Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Ага Хандын Өнүктүрүү боюнча уюму, Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүк Тыныстанов көчөсү 80, 720053 Бишкек, Кыргыз Республикасы Тел.: +996 312 696 031 Эскертүү: 1992-жылы уюштурулган Тарыхый шаарлар үчүн программа парктарды жана бакчаларды түзүү, шаардын курулуштарын сактоо, жакшыртуу жана маданий мурасты калыбына келтирүү кантип социалдык өнүгүү үчүн негиз болуп кала алаарын көрсөттү. Программа азыркы учурда он өлкөдө 20 ири реставрациялык долбоорду, анын ичинде Индиянын Дели шаарында Хумаюн көрстөнүн; Афганистандын Кабул шаарында Бабурдун бакчасын жана Тимур Шахтын мавзолейин, Малиде Моптидеги, Дженнедеги жана Тимбуктудагы байыркы чопо мечиттерди реставрациялоону аяктады.