logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Open Air социалдык бийлеринин кечеси болуп өттү

June 6, 2016, 06:00

4-июнда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын ачык аянтчасында Open Air социалдык бийлеринин кечеси болуп өттү.   «Rio Social Dance School» социалдык бий мектебинин жетекчилери бардык каалагандарга меренге/сальса/бачата/afro сыяктуу бийлерди үйрөттү.   Социалдык бийлер – бул бардыгы үчүн бийлер! Алар улутуна, жынысына, курагына жана даярдык деңгээлине карабастан бардыгына жеткиликтүү. Алардын татал комбинациялары жок, ошондуктан бала да, ошондой эле чоң киши да базалык кыймылдарга тез үйрөнө алат.   Борбордун ортосунда бийлөө үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар да келди.   Иш-чара сергек жашоо ыңгайын, баңги затсыз, тамекисиз, алкоголсуз жашоону даңазалоо максатында уюштурулду. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча бардык ири шаарларда ушундай кечелер дайыма өткөрүлүп турат, анткени бий – бул адамдардын курагына, социалдык абалына, статусуна жана дин тутуусуна карабастан аларды бириктирип турган нерсенин өзү. Келечекте бул салт шаарда бекемдейт, социалдык бийлерге улгайган адамдар да келет деп ишенебиз.   Маданий иш-чараны «Rio Social Dance School» социалдык бий мектеби «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен өткөрдү.   Бишкекте жашоо улам кызык болуп калууда, бул биздин шаар, келечектин шаары!

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram